Украин-орус сүйлөшүүсү: Орусия Киев жана Чернигов багытында чабуулун басаңдатат

Көз карандысыздык майданындагы танктарга каршы орнотулган тосмолор, Киев, Украина, 25-март. Сүрөт: Fotoreserg / depositphotos

Орус армиясы Киев жана Чернигов багыттарында аскердик активдүүлүгүн «кескин түрдө, бир нече эсе» басаңдатат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министринин орун басары Александр Фомин билдирди. Ал мындай чечим «өз ара ишенимди жогорулатуу максатында» кабыл алынганын белгиледи.

Мындай билдирүү украин-орус делегацияларынын 29-мартта Түркиянын Стамбул шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүүнүн кезектеги айлампасынын жыйынтыгынан кийин маалым болду.

Украина делегациясынын өкүлү Давид Арахамия сүйлөшүүлөрдөн кийинки брифингде Украина өз коопсуздугунун кепилдигин талап кылып жатканын билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңешинин өлкөлөрүнө (Франция, АКШ, Улуу Британия, Кытай жана Орусия), ошондой эле Түркия, Германия, Канада, Италия, Польша жана Израиль мамлекеттерине кепил болуп берүү сунушталды. Бул тизмеге башка өлкөлөр да кошулушу мүмкүн.

«Бизде [ДЭР менен ЛЭР] жана Крым боюнча жөнгө салына элек маселелер бар, ошондуктан кепил өлкөлөр бул аймактарда иштебейт», — деп билдирди Арахамия.

Анын айтымында, Украина өз аймагында жаңжал чыгып кете турган болсо кепил болуп берүүчү өлкөлөр ага жардам берүүгө милдеттендирилсин деп суранууда (курал-жарак жана аскердик камсыздоо, аба мейкиндигин жабуу — деп тактады делегаттардын бири). Бул боюнча консультациялар үч күндөн ашпашы керек.

Орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский сүйлөшүүлөр «конструктивдүү» өткөнүн, Орусия «конфликтти деэскалациялоодо Украинага карай эки кадам» жасаганын айтты.

Мединский эки өлкөнүн ТИМи тынчтык келишимине алдын ала кол коюу менен катар Украина жана Орусиянын президенттеринин жолугушуусу да болушу мүмкүндүгүн кабарлады.

Орусиянын Украинага толук алкакта кол салуусу 24-февралда башталган. Анда орус президенти Владимир Путин «атайын операциянын» негизги максаты (орус бийлиги согушту ушундай атап жатат) — Украинаны «демилитаризациялоо жана денацификациялоо» деп билдирген.

БУУдан 27-мартка карата Украинада эң аз дегенде 1151 жай тургун, анын ичинен 103 бала каза таап, ал эми 1824 киши жарадар болгонун кабарлаган. Бирок уюмдан бул сан иш жүзүндө кыйла көп болушу мүмкүн экенин айткан.

Тема боюнча окуңуз:  Украина: Зеленскийдин маеги, «ЛЭРде» Орусияга кошулуу боюнча референдум өтүшү мүмкүн