Ала-Бука: Капиталдык курулуштун кызматкерлери мамлекетке 8 млн сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды

Сүрөт: Eurasia Foundation of Central Asia

Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары мамлекетке 8,8 млн сомдон ашуун зыян келтирүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 4-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Шаар айылында 150 орундуу мектеп курууда мекеменин кызмат адамдары «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып», иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын которушкан.

Ошондой эле көзөмөл органдан шектүүлөр курулуштун жүрүшүнө жетиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөй, натыйжада мамлекетке 8 млн 845 миң сом зыян келтирилгенин белгилешти.

Бул факты боюнча Ала-Бука райондук прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

«[...] келтирилген зыянды өндүрүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп берилет Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында Жаңы-Шаар айылындагы мектепти куруу үчүн 2015-жылы тендер жарыяланганын көрүүгө болот. Тендерди «Айти-Булак» ЖЧКсы утуп, 37 млн 600 миң сомго курмак болгон.

Буга чейин прокуратура Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Чолпон айылында капиталдык курулуш башкармалыгы мектептин курулушуна делген 3 млн сомду ыйгарып алганын аныктаган. Жалпысынан окуу жайдын курулуш иштерине 62 млн 296 миң сом бөлүнгөн.

Дагы окуңуз:

Ысык-Көлдө мектеп курулушунан 3 млн сом каражатты ыйгарып алуу боюнча иш козголду