Ысык-Көлдө мектеп курулушунан 3 млн сом каражатты ыйгарып алуу боюнча иш козголду

Сүрөт: Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айылында капиталдык курулуш башкармалыгы мектептин курулушуна делген 3 млн сом каражатты өзүнө ыйгарып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 4-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жана «Т.К.» компаниясынын ортосунда Калиев атындагы орто мектебинин 225 орундук имаратынын куруу боюнча келишим түзүлгөн. Ал эми курулуш иштери 62 млн 296 миң сомго бааланган.

Окуу жайдын курулушу 2018-жылдын октябрь айында аяктап, имарат эксплуатацияга берилген.

«[...] капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары жалданма компания менен алдын-ала макулдашып, аткарылган иштердин актыларына айрым жумуштардын наркын жогорулатылган баада көрсөтүп, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды тизмеге киргизип, 3 млн 224 миң 493 сомду өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталды», — деп берилет көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Башкы прокуратура «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу», «Ишенип берген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери менен кылмыш иши козгоду.

Башкы прокуратура берген «Т.К.» инициалдарына «Тунук Курулуш» ЖЧКсы туура келет. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, аталган компания 2017-жылы Чолпон айылында мектепти куруу боюнча тендерди утуп алган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Нарын облусунун Ат-Башы айылында дээрлик жети жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан бала бакча боюнча кылмыш ишин козгогон. Иштин алкагында «Авангард-Строй» компаниясынын ээси Теңизбек Темиралиев, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Кубан Чоробеков жана мекеменин бухгалтери Тилек Жусубалиев кармалып, тергөө абагына киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ат-Башыда эки аткаминер жана «Авангард-Стройдун» ээси кармалды