Бишкекте сүннөткө отургузуудан кийин каза болгон жети жашар баланын өлүмү иликтене баштады

Бишкектеги № 3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында сүннөткө отургузуудан кийин жети жашар бала каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү №3 оорукананын хирургия бөлүмүнүнүн кызматкерлери мекемеде жети жашар бала каза болгону тууралуу милицияга кабар беришкен.

Жерине барган милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, каза болгон бала Улуттук госпиталда сүннөткө отургузулганын аныкташкан.

«Улуттук госпиталда анестезия жасалып сүннөткө отургузулган. Операциядан кийин “Платтер синдрому” диагнозу менен жарааттан кан токтобой №3 балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө келип түшкөн. Ошол жерден бала эсине келбей каза болгон», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» №3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жетекчилиги ички иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди.

«Улуттук госпиталда жергиликтүү анестезия берилип, бирок бала операция жасатпай койгон. Жакындары операцияны аягына чыгаруу үчүн №3 ооруканага алып барышкан. Тилекке каршы ошол жерде наркоз сайганда баланын жүрөгү токтоп калган экен», — деп билдирди Айгерчинова.

Тема боюнча:

Президент балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды

Орусияда эки жаштагы наристенин өлүмүнө шектелип кыргыз жараны кармалды