Касым-Жомарт Токаев: Казакстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлайт

Казакстан дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлайт. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин бул боюнча билдирүүсү Американын National Interes басылмасынын 4-апрелде жарык көргөн макаласында айтылат.

Ал «Казакстан жана Орусия, дүйнөдө чек аралары эң узун мамлекеттер катары өз ара кызматташуунун өзчөгө мамилелерин колдошот» деп айтты.

«Ошол эле учурда бизде Украина менен достук мамилелердин терең салты бар. Биз дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле, анын аймактык бүтүндүгүн сыйлайбыз», — деди казак президенти.

Токаев жаңжал «БУУнун Уставына ылайык тез жана адилеттүү чечилет» деп ишенет.

«Мен согуштук аракеттерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга жана диалог курууга чакырып Владимир Путин менен да, Владимир Зеленский менен да түз байланышта болуп аттым. Казакстан эл аралык ортомчулук ролун аткарууну жана уланта берүүнү каалайт», — деп белгиледи ал.

Токаев макалада Орусиянын Украинага кол салганын «согуш» деп атаган.

*Орусияда Украинадагы болуп жаткан окуяларды «согуш» деп атоого тыюу салынган. Ал жакта кол салууну «атайын аскердик операция» деп аташууда.

Казакстандын орус-украин согушуна карата позициясы

Казакстандын президенттик администрациясынын башчысынын орун басары Тимур Сулейменов Казакстан Орусияга Украинага аскерий кол салууга байланыштуу АКШ менен Евробиримдик киргизген санкциялардан буйтап өтүүгө жардам бербей турганын билдирген.

Ал Казакстан ЕАЭБге мүчө, бирок көз карандысыз мамлекет экенин, андыктан санкциядарды карманаарын белгилеген. Бул Европа биримдиги менен АКШнын Казакстанга карата экинчи даражадагы санкцияларына кабылып калбоо чоочулоосуна байланыштуу.

Мындан тышкары, Сулейменов Казакстанда Украинадагы согуш «согуш» деп эле аталып жатканын, себеби өлкөдө «ар бир нерсени өз атынан атоодо маселе жок» деп ишендирген.

Ошондой эле, Сулейменов Орусия Казакстан көбүрөөк алар тарапта болуусун каалап жатканын, бирок өлкө Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлаарын жана БУУ сыяктуу эле Крым жана Донбасстагы «кырдаалды» тааныбасын белгилеген.

Казакстан Орусияга санкциялардан буйтап өтүүгө жардам бербейт