Министр, депутат жана мэрлер. УКМК жасалма дипломдорду колдонууга кимдер шектелип жатканын айтты

5-апрелде УКМК мамлекеттик кызматкерлердин жогорку окуу жайлардан алган дипломдорун жана алардын кош жарандыгы текшерилип жатканы тууралуу кайрадан отчёт берди. Текшерүү жүргүзүү октябрдын аягында президент Садыр Жапаров тапшырган.

Мамкомитеттен билдиришкендей, жасалма дипломдорду колдонууга жана кош жарандыгы бар деген шек саноого бир министр, парламенттин үч депутаты (буга чейин төртөө болчу), президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бири, эки мэр жана эки вице-мэр, ошондой эле дагы бир экс-мэр туш болду. Шектүү чиновниктердин аттары тизмеде жок.

(УКМК жарыялаган мамкызматкерлердин толук тизмесин ушул жаңылыктын төмөн жагынан көрө аласыз.)

Ошондой эле УКМКдан билим берүү мекемелеринде окубаган адамдарга дипломдорду мыйзамсыз берүүдө коррупциялык схемаларды уюштуруу фактылары да текшерилип жатканын кошумчалашты.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кетип, 2 адам жергиликтүү кеңештин депутаттык мандатын тапшырышкан.

«28 мамлекеттик кызматкер чет өлкөлүк жарандыгы бар-жоктугун текшерүүгө алынды. Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 20 кылмыш иши тергелип, 52 материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр, 141 материал боюнча алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп кабарлашты УКМКдан.

УКМКдан кошумчалашкандай, текшерүү иш-чаралары «бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерде кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдун колдонулушу боюнча» текшерүү иштери аяктаганга чейин улантылат.

УКМК мамлекеттик кызматкерлерди «терс кесепеттерге жол бербөө максатында» жасалма дипломдорун тапшырып берүүнү же болбосо ээлеген кызматтарынан ыктыярдуу түрдө кетүүгө чакырды.

20-январда президент Садыр Жапаров УКМКга бардык мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерүү тапшырмасын берген. Мындан тышкары, өлкө башчынын тапшырмасы менен атайын кызмат аткаминерлердин кош жарандыгын текшерет. Текшерүү иштери 24-январда башталып, ал үч айга созулары айтылган.

Жасалма диплом колдонгон жана кош жарандыгы бар деп шек саналгандардын УКМК жарыялаган тизмеси:

  • Жогорку Кеңештин үч депутаты,
  • Жогорку Кеңештин эки экс-депутаты,
  • Жогорку Кеңештин депутаттыгына тогуз талапкер,
  • бир министр,
  • Шаардык кеңештин үч депутаты,
  • бир судья,
  • бир мурдагы судья,
  • Эсеп палатасынын эки кызматкери,
  • прокуратуранын бир кызматкери,
  • ички иштер органдарынын 15 кызматкери,
  • УКМКнын Чек ара кызматынын эки кызматкери,
  • Жазаларды аткаруу кызматынын бир кызматкери,
  • ЭжФМ алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын бир кызматкери,
  • Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алты кызматкери,
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алты кызматкери,
  • Экономика жана коммерция министрлигинин бир кызматкери,
  • Транспорт министрлигинен эки кызматкер,
  • Айыл чарба министрлигинен төрт кызматкер,
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигинен эки кызматкер,
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен эки кызматкер,
  • ДИМКдан бир кызматкер,
  • саламаттыкты сактоодон эки кызматкер,
  • билим берүү тармагында 40 кызматкер,
  • мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен бир кызматкер,
  • Социалдык фонддун үч кызматкери,
  • «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын бир кызматкери,
  • «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир кызматкери,
  • Мамлекеттик архивдин бир кызматкери,
  • банк тутумунан эки кызматкер,
  • эки адвокат,
  • бир массалык маалымат каражаттарынын кызматкери,
  • алты муниципалдык кызматтын кызматкери,
  • эки дин өкүлдөрү,
  • бир КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү,
  • КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бир орун басары,
  • КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эки кызматкери,
  • эки мэр,
  • бир экс-мэр,
  • эки вице-мэр,
  • бир шаардык кеӊештин кызматкери,
  • мэриянын сегиз кызматкери,
  • Райондук мамлекеттик администрациянын бир жетекчиси,
  • Райондук мамлекеттик администрациянын бир орун басары,
  • сегиз айыл аймагынын башчысы,
  • эки айыл өкмөт башчысынын орун басары,
  • 18 айыл аймагынын кызматкери,
  • тогуз айылдык кеӊештин депутаты,
  • башка (кызмат) персонал) мекемелерден - бирөө.