«Жасалма дипломдор»: УКМК өлкө боюнча 20дан ашык универститетти текшерип жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен мекеме кызматкерлери жасалма дипломдордун берилиши мүмкүндүгүнө байланыштуу кыргыз университеттерин текшерүүнү улантып жатканын билдиришти.

УКМКнын маалыматына ылайык, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети берген дипломдордун саны эң эле көп шек туудурууда — 28 диплом. Кыргыз улуттук агрардык университетинде берилген 11 диплом, И. Арабаев атындагы универститетте жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясында бештен диплом текшерилүүдө.

УКМК борбор калаадагы университеттерден тышкары Ош, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы ЖОЖжорду дагы текшерип жатат. КОСУ, БААУ жана «Манас» сыяктуу эл аралык окуу жайлар дипломдору текшерилип жаткан университеттердин тизмесинде жок.

Буга чейин УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун жана алардын кош жарандыгы бар-жогун текшерип баштаган. Текшерүү үстүбүздөгү жылдын 24-январында башталган, ал 3 айга созулат.

Учурда Жогорку Кеңештин төрт, шаардык кеңештин үч депутатынын, аппараттын бир кызматкеринин жана эки судьянын диплому текшерилип баштады. Мындан тышкары, 12 мамлекеттик кызматкердин кош жарандуулугу текшерилүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК 100гө жакын мамкызматкер жасалма диплом колдонууга шектелип жатканын билдирди