«Азия 360»: Согуштун айынан Кыргызстанга келип, жаңы жашоого бел байлаган орусиялыктар

Орус аскерлери Украинага кол салгандан бери миңдеген орусиялык өлкөсүнөн чыгып кетти. Алардын айрымдары бийликтин саясатына каршы жана согушту баштаган өлкө менен кандайдыр бир байланышта болуп калууну каалашпайт. Башкалары өлкөдөн Орусияга каршы салынган санкциялардан улам чыгып кеткен.

Армения, Грузия жана Казакстан сыяктуу популярдуу багыттардан тышкары орусиялыктар Кыргызстанга да келип жатышат. «Настоящее время» басылмасынын журналисттери «Азия 360» долбоорунда жаңы жашоого бел байлаган орусиялыктар тууралуу айтып беришти.