Видео: Ошто жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден кызды коюп качып кеткен айдоочу кармалды

Ош ШИИБдин кайгуул кызматы Ош шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүп бараткан кызды коюп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган айдоочу табылганын кабарлады. Унаа айып короого киргизилип, тергөө башталды.

Шаардык милициядан «Клоопко» билдиришкендей, окуя 27-январда саат 15:45те Рыспай Абдыкадыров көчөсүндө болгон. Анда жөө өтмөктөн өтүп бараткан жүргүнчүнү Daewoo matiz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу коюп кеткен.

«Турмуш» басылмасы окуя болгон жерден видео жарыялаган. Анда өтмөктөн чуркап өтүп бара жаткан кызды койдуруп алган соң, айдоочу унаасын токтотуп түшүүгө камынганы көрүнөт.

Ал эми жыгылган кыз ордунан туруп басып кеткен.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин белгиледи. Ал кармалган соң унаасы айып короого киргизилип, өзү эч жака кетпөө тил каты менен коё берилгени айтылды.

Милициядан тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча жол кырсыгына айдоочу күнөөлүү экенин айтышты. Учурда соттук-медэкспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин, өткөн жылдын сентябрь айында, Ош шаарында айдоочу жөө өтмөктөн өтүп бараткан 8 жаштагы окуучу кызды коюп, качып кеткен.

Окуя видео-байкоочу камерага да түшүп калган. Анда кыз өтүп бараткан учурда унаалар токтоп турган, бирок жолдун толук көрүнүшүн өтмөктөн өтүп токтогон маршрутка тосуп турган.

Кыз унаа жок деп ойлоп чуркап өтүп баратканда «Дэу-Матиз» катуу ылдамдыкта келип, кызды бир нече метр алыстыкка ыргыта сүзгөн.

Анын кесепетинен окуучу денесинен жаракат алып, Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Кийинчерээк айдоочу табылып, Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Редактору: Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Ошто өтмөктөн өтүп бараткан окуучуну ыргыта сүзгөн айдоочу кармалды