Украинанын Бишкектеги элчилигинин алдында аза күтүү жана көңүл айтуу акциясы өттү

7-апрелде Украинанын Бишкектеги элчилигинин алдында аза күтүү жана Украинанын элине көңүл айтуу акциясы өттү. Ондогон киши Украинада каза болгондорду эскерип, бир мүнөт унчукпай турушту жана элчиликтин имаратынын алдына гүл коюшту.

Акциянын катышуучулары Украинанын желегин элестеткен ленталарды көтөрүп чыгып, сөз сүйлөштү. Активист Өндүрүш Токтонасыров Украинада каза болгондор «жөн жерден эмес, көз карандысыздык жана эркиндик үчүн курман болгонун» баса белгиледи.

«Украинанын шаарларында, айыл-кыштактарында жөн жерден курман болгон замандаштарыбызга [жакындарына] терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун», — деп Токтонасыров Украинанын элчисине көңүл айтты.

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко. Сүрөт: «Баштан Башта»

Акциянын катышуучулары менен Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко жолукту. Ал кыйын кырдаалда Украинаны колдоого алган бардык адамга ыраазычылык билдирди.

«Азыркы дүйнөдө кайсы бир мамлекет башка өлкөгө курал менен кол салып, бейкүнөө адамдарды кырган жайдай болбошу керек. Бул нерсени токтотушубуз керек», — деп билдирди ал.

Орусиянын Украинага кол салуусу токтойт элек. Ал 24-февралда башталган.

1-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алган. Ал мындай чечим Кыргызстан Орусиянын Украинага каршы агрессиясын актаганы үчүн кабыл алганын айткан.

Кийинчерээк элчи Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн улантып, Украинадагы согуштун улам келип чыгуучу экономикалык кесепеттер тууралуу Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөргөн. Ал Орусиянын Украинага кол салуусу бардык өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да кесепети тиерин эскерткен.

Тема боюнча:

Украин элчиси: Орусияга каршы санциялардын Кыргызстанга да кесепети тиерин эскертебиз

Украин депутаты: Кыргызстандын согушта бейтараптуулугу алда канча жакшы

«Путин, согушту токтот!». Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында кайрадан тынчтык митинги өттү