«Путин, согушту токтот!». Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында кайрадан тынчтык митинги өттү

28-февралда Бишкек шаарындагы Орусиянын элчилигинин алдында согушка каршы жана Украинаны колдоо акциясы кайрадан өттү. Жүздөн ашуун активисттер кыргыз бийлигинен Орусиянын аракетин сынга алып, Украинаны эл аралык деңгээлде колдоону талап кылышты.

Митингге катышкандардын көпчүлүгүн жаштар түздү. Акцияга саясатчылар Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, активисттер Өндүрүш Токтонасыров, Улан Үсөйүн, жазуучу Олжобай Шакир, блогер Элдана Сатыбалдиева жана ырчы Зере катышты.

Катышуучулар Орусиянын элчилигинин имаратынын алдына тизилип, «Согушка жол жок», «Украинага атак-даңк!», «Кыргызстан Украина менен», «Тынчтык керек», «Путин, согушту токтот!» деген чакырыктарды айтышты.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Айзирек Алмазбекова акциянын максаты Кыргызстандын эли Украина менен бирге экенин көрсөтүү экенин баса белгиледи.

Акцияга Бишкекте жашаган Украинанын жарандары да катышты. Алардын бири «Украина Орусия менен өзү үчүн эле эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн күрөшүп жатканын» белгилеп, «согушту токтотуу керек!» деп билдирди.

«Элдер, өзгөчө Орусиядагы лидерлер унчукпай жатканына таң калып турам. 21-кылымда кантип коркууга болсун. Коркконду токтотуш керек. Бул жерде бир эле согуш тууралуу сөз болуп жаткан жок. Украина өзү үчүн согушуп жаткан жок, ал бүтүндөй дүйнө үчүн Орусия менен согушуп жатат. Андыктан, бардык өлкөнүн жарандары, бардык өлкөнүн өкмөттөрү жүз пайыз [Украинаны] колдошу керек. Эч качан жарым-жартылай пикирде болбошу керек. Путин агрессор, ал кандай болбосун алынышы керек. Ушул бойдон уланбаш керек. Мындан ары кете турган болсо ядердик согуш болот. Токтотуш керек», — деди ал.

Ал эми митингге катышканы келген жазуучу Олжобай Шакир Путинди «21-кылымдын саясий жырткычы» деп атап, дүйнө коомчулугу баскынчылыкка жол бербеши керектигин белгиледи.

«Украина өз иденттүүлүгүн өз эгемендигин коргоого улуттук дымагын көрсөтсө, [Орусия] ошого жол бербей жатат. Мындай баскынчылыкка эч бир эс-акылдуу коом жол бербеши керек [...] КМШ мамлекеттердин багы Путин кулагандан кийин гана ачылат. Путин — бул 21-кылымдын саясий жырткычы. Ошол саясий жырткычтын колу менен бейкүнөө Украина эли өлүп жатат. Үй-бүлөлөрдүн тынчтыгы бузулуп, канчалаган энелердин, бөбөктөрдүн ыйы басылбай турат. Ошондуктан мындай баскынчылыкка жол жок. Украинага атак-даңк!» — деди ал.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын бийлиги «оор абалда экенин» билдирди. Ал Кыргызстан «эгемендүүлүгүн сактап, согуш тарап болбошу керек» деп эсептейт.

«Орусия менен согушка кирбегенге, бир аз алысыраак турганга, дүйнөлүк коомчулукка жаман көрүнбөгөнгө, ошону менен бирге өзүбүздүн экономиканы сактап калганга аракет кылышыбыз керек. Биздин бийликти да түшүнүшүбүз керек. Аябагандай оор абалда. Экономикалык жактан биз аябай жабыр тартып жатабыз. Орусиянын банктары жабылды. Бул бизге, биздин мигранттарга, которулуп жаткан каржатка түздөн-түз таасир берет. Жакында бензин менен газдын баасы кымбаттайт. Жазгы талаа жумуштарында кыйынчылыктар пайда болот. Ушунун баарын абайлап, экономикага каршы антикризистик программаларды иштеп чыгышыбыз керек», — деди Жээнбеков.

«Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова Орусиянын президенти Владимир Путин «Орусияда коопсуздук жаратам деп, бүтүндөй дүйнөгө абдан чоң коркунуч жаратып койду» деп баса белгиледи.

«Дүйнөдө миллиондогон адамдар митингге чыгып атат. Бул жерге 500гө жакын адам чыкты. Биз Орусиядан саясий жактан жана экономикалык жактан көз карандыбыз. Бирок ошого карабастан эгемен ойлонгон, көз карандысыздыктын эмне экенин түшүнгөн, согуш менен апааттын коркунучун түшүнгөн адамдар ушул жерге келип отурат», — деп белгиледи ал.

Ушундай эле митинг 24-25февралда Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында жана Ош шаарында болгон. Ага катышкан митингчилер дагы Украинадагы согушка каршы экенин айтып чыгышкан.

Украинаны колдоо жана согушка каршы митинг дүйнөнүн башка шаарларында да болуп жатат. Буга чейин Украинадагы согушка каршы Орусиянын көптөгөн шаарларында митинг өткөн. Бирок митингге чыккандардын айрымдары камакка алынган. «ОВД-Инфонун» маалыматына ылайык, полиция митинг учурунда 58 шаарда 1 789 тынчтык митингинин катышуучусун кармаган.

Орусиянын президенти 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бүткүл аймагына аскердик режим киргизген. Учурда согуш Украинанын түштүгүндө, Харьков, Донбасс жана Киевде уланып жатат.

Тема боюнча:

Ошто активисттер согушка каршы жана Украинаны колдоо акциясын өткөрүштү

«Тынчтык керек». Бишкектеги орус элчилигинин алдында согушка каршы митинг өттү