Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алды. Бул тууралуу Зеленский 1-марттагы брифингде кабарлады.

Зеленскийдин айтымында, мындай чечим Кыргызстан Орусиянын Украинага каршы агрессиясын актагандыктан кабыл алынган.

«Биздин дипломаттар азыркы тапта өз сөзүнө жана эл аралык укукка чыккынчылык кылган өлкөлөргө карата адилеттүү жана зарыл болгон чечимдерди ишке ашырып жатат. [Кыргызстан] Украинага каршы агрессияны актаганы үчүн элчини кеңешүүгө дароо чакырттык», — деди Зеленский.

Зеленский Украина Грузиядагы элчисин дагы «[Грузия] Украинага жардам берем деген ыктыярчыларга тоскоолдук кылганы жана санкцияларга карата моралдык жактан туура эмес позициясы үчүн» чакыртып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын ТИМи да украин тараптан азырынча «билдирүү ала электигин» маалымдады.

«Бул маселе боюнча украин тараптан расмий жооп күтүп жатабыз», — деди ведомствонун башчысынын орун басары Айбек Молдогазиев «Кактуска» курган маегинде.

Президент Садыр Жапаров Орусия Украинага кол салган учурдан бери анын аракеттерин колдоо боюнча бир тараптуу позициясын айткан да, айыптаган да эмес.

Орусия 22-февралга караган түнү өзүн-өзү эгемендүү деп жарыялаган «Донецк» жана «Луганск» «эл республикаларынын» көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Жапаров «балким бул Донбастын жай тургундарын коргоо үчүн аргасыз чарадыр» деп билдирген.

24-февралда орус аскерлери Украинага бастырып кирген күнү Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун жолугушуусу болгон. Жолугушууда Акылбек Жапаров ага президент Садыр Жапаровдун «Кыргызстан Орусия менен 200 жыл бирге болгон, дагы 300 жыл бирге болууга даяр» деген сөздөрүн жеткирген. Минкаб төрагасы Кыргызстан Орусия менен алакасын мындан ары да бекемдөөнү пландап жатканын кошумчалаган.

Ал эми 26-февралда Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бирок басма сөз кызматтардын маалыматында эки өлкөнүн лидеринин сүйлөшкөн сөздөрүндө айырмачылыктар болгон.

Кремлден Кыргызстандын президенти Орусиянын Украинага кол салуусун колдоду деп билдиришкен.«Садыр Жапаров Киевдин Минск келишимине карата жоопкерчилигин белгилеп, Донбасстагы жайкын тургундарды коргоого багытталган Орусиянын чечкиндүү аракеттерин колдоду», — деп айтылган билдирүүдө.Жапаровдун администрациясы бул маалыматты төгүндөп да, тастыктаган да эмес. Алардын билдирүүлөрүнө ылайык, президенттер кыргыз-орус кызматташтыгын, аймактык коопсуздукту жана «Украинанын айланасындагы кырдаалды» талкуулашкан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Орусиянын Украинага бастырып кириши боюнча Кыргызстандын позициясын айткан.

«Биз түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну кубаттайбыз, анын ичинде мындан аркы жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөр жолу менен да», — деген Эрбол Султанбаев.

Тема боюнча окуңуз: Кыргыз ТИМнин башчысы Орусия менен Украинаны натыйжалуу диалогго чакырды