«Жалал-Абад электр» ишканасынын мурдагы жектекчиси кармалды

«Жалал-Абад электр» ачык акционердик коомунун мурдагы директору «М.К.А» «Коррупцияга» шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, мекемеде жүргөн текшерүүнүн жүрүшүндө жооптуу кызмат адамдары тарабынан дебитордук карыздарды баланстан мыйзамсыз чыгарганы фактылар аныкталган.

«2015-жылдын январь айынан 2020-жылдын декабрына чейин “Жалал-Абад электр” ишканасынын кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттерге барып, натыйжада мамлекетке 113 млн 838 миң 100 сом зыян келтирилген», — деп белгиленет маалыматта .

2019-жылга чейин аталган ишкананы Маматканов Кеңешбек Апсалиевич жетектеген.

Прокуратура «Коррупцияга» беренеси менен кылмыш ишин козгоду, тергөө иштери уланууда.

Дебиторлук карызды мыйзамсыз эсептен чыгаруу иши

2021-жылдын декабрь айында «Ош электр», «Жалал-Абад электр», «Түндүк электр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери электр энергиясына болгон карыздарды эсептен мыйзамсыз чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөнү аныкталган.

Башкы прокутатуранын маалыматына ылайык, 2016-2020-жылдар аралыгында карыздарды эсептен мыйзамсыз чыгаруу менен аталган кызматкерлер мамлекетке 897 миллиондон ашык зыян келтирген.

Ал эми ушул жылдын 1-мартында «Чыгыш Электр» ачык акционердик коомунун Нарын облусундагы филиалынын жооптуу кызматкерлери кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, шектүүлөр 2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон 219 млн сом карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкан.

Ал эми, 4-матта «Ош Электр» ААКнун Ноокат районунун филиалынын мардагы жетекчиси Дыйканбай Даминов жана Кызыл-Кыя жылуулук электр борборунун жетекчисинин орун басары кармалган.

Алар электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышкан. Жыйынтыгында мамлекетке 134 млн сом зыян келтиргендиги аныкталган.