«Президенттин атын жамынган». Алдамчылыкка шектелген киши Мелис Аспековдун иниси экени айтылды

Бишкектин Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы 30 жаштагы «А.А» аттуу киши «алдамчылыкка» шектелип кармалганын кабарлады.

Шектүү.

Шектүүнүн үстүнөн Бишкектин тургуну арыз жазган. Жабырлануучунун айтымында «А» аттуу чала тааныш киши анын ишенимине кирип, «Сары-Өзөн базарынан чоң жер тилкесин алып берем» деп убадалап 44 000 АКШ доллары өлчөмүндө акчасын алып, кийин из жашырып кеткен. Арыз ээси шектүү «президент менен байланышы бар» экенин айтып ишендиргенин белгилеген.

Факты боюнча Свердлов РИИБи «Алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган. Милиция шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалады.

«Азаттык» үналгысы кармалган адам камактагы активист Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков экенин жазды. Маалыматты басылмага активисттин эжеси тастыктады. Анын адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

Мелис Аспеков

Шектүүнүн бир тууган агасы Мелис Аспеков — Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. Активист «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар пара опузалоого шектелип 2021-жылдын январында кармалган.

Көп өтпөй эле 24-майда УКМК Аспековго карата дагы бир кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков Б.Л. аттуу аялдан тууганын абактан бошотуп чыгарып берүүнү убада кылып, алдамчылык менен 15 миң доллар алган.

Ал эми ушул жылдын 23-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Мелис Аспековду жети жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган болчу. Мындан сырткары, сот жабырлануучуларга 23,4 млн сом өндүрүп берүү чечимин да кабыл алган.