Украинадагы согуш: Чыгыштагы чечүүчү салгылашуу жана туткандар менен алмашуу

24-февралда Орусия Украинанын аймагына бастырып киргенден бери аскердик аракеттер уланууда.

«Би-би-си орус кызматы» президент Владимир Зеленскийге таянып Украинанын чыгышында «чечүүчү кармаш күтүлүп жатканын» кабарлады.

Украина лидеринин айтымында, согуштун урунттуу учурлары Харьковго жакын аймактарда, чыгыш облустарында жана Украинанын түштүгүндө, атап айтканда Запорожск жана Херсонск облустарында болмокчу.

«Тилекке каршы, биз өлкөбүздүн чыгышындагы маанилүү, айрымдар чечүүчү деп атаган салгылашка күбө болуп жатабыз. Бир нерсе деп айтуу оор, мен дагы божомолдорду айтып өзүмө жоопкерчиликти алгым келбейт. Мен өлкөбүздү коргоого гана жоопкерчиликти ала алам», — деди ал.

Зеленский көп нерсе 10 000 орус аскери курчап алган «Мариуполь канчалык туруштук бере аларынан» көз каранды экенин белгиледи. Президенттин пикиринде, Мариуполь туруштук берсе, орусиялык аскерлер Чыгышка барбайт.

Орусия армиясы Украинанын чыгышына кол салат деп күтүлүп жаткан чакта Евробиримдиктин чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Жозеп Боррель Европа кеңешине мүчө өлкөлөрүн Киевге курал-жарак жеткирүүнү күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле, ал Орусияга каршы санкциялар «Донбасстагы кармаш маселесин чече албасын» белгиледи.

9-апрелде Киевге Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон барды. Ал Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Киевге кошумча 120 даана бронетехника жана жаңы ракета системаларын жөнөтүүнү убада кылды.

Мындан тышкары, украиналыктар Stand Up For Ukraine кайрымдуулук акциясынын алкагында чогулган 9 млрд евродон ашуун каражат жардам алат. Кайрымдуулукка байланышкан иш-чара 9-апрелде Варшавада өткөн. Ага көптөгөн батыш саясатчылары, коомдук ишмерлер, артистер жана жарандар катышты.

Украинанын вице-премьери Ирина Верещукка таянып, «Медуза» 9-апрелде Орусия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмаштыруу болгонун жазды. Верещуктун айтымында, бул үчүнчү жолку алмашуу, акыркы жолу Украинага 26 адам — 12 аскер, 14 жай турган өткөрүлдү.

The Washington Post басылмасы болсо премьер-министр Жастин Трюдого таянып, Канада украиналык качкындардын бир бөлүгүн чыгарып кетүү үчүн Европага бир нече чартердик каттам жөнөтөрүн маалымдады.

Conflict Intelligence Team Краматорск вокзалына ДЭР көзөмөлдөгөн Шахтерск тараптан сокку урулушу мүмкүн деп белгиледи. Бул соккудан улам 52 адам көз жумду, анын ичинде бешөө жаш балдар. Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, аскерий кол салуу башталгандан бери 177 жаш бала көз жумган.

Краматорск вокзалы

Орусиянын акыйткатчысы Татьяна Москалькованын айтымында, орус тарап «Азов Конкорд» кемесинен 14 моряк кабыл алды.

Кийин Москалькова «оор жүк ташыган айдоочулар алмашылганын», анын натыйжасында «32 орусиялык жана 20 украиналык айдоочу, Белорустун бир катар жарандары үйүнө кайтып келгенин» айтып берди.

Украинанын Ички иштер министри Денис Монастырский орусиялык аскерлер кетип жатып оккупацияланган шаарларда унааларга, батирлерге ал тургай тиричилик техникаларына мина коюп жатканын маалымдады. Анын айтымында, унаасынын жүк салган бөлүгүндө мина жарылган киши каза болду.