Кыргызстан менен Израиль кыргыз жарандарына иш квоталарын бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Кыргызстандын Израилдеги элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израилдин тышкы иштер министри Идан Ролл менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушууда Өмуралиев менен Ролл айыл-чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, айрыкча Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасын, ошондой эле Израилдеги кыргызстандыктарга иш квоталарын берүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мартта Кыргызстандын жарандары Улуу Британиянын элди айыл чарба жумуштарына тартуу боюнча мамлекеттик программасына катыша ала турган чет элдиктердин тизмесине киргизилген. Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов программа кыргызстандыктарга иштөө мүмкүнчүлүгүн гана эмес, жергиликтүү калктын маданияты жана эмгектин этикасы менен таанышууга мүмкүндүк берет деп белгилеген.

Буга чейин Түштүк Корея дагы кыргызстандыктар үчүн эмгек квоталарын көбөйткөн. Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбековдун айтымында, мурда эмгек квоталарынын саны 1000ге жетчү эмес. Быйыл ал 1 800 орунга көбөйгөн.