Кыргызстандыктар Москвага 2023-жылга чейин поезд менен бара албайт

Кыргызстандыктар 2023-жылга чейин Москвага поезд менен бара албайт. Бул тууралуу парламенттин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.

Ал Кыргызстан боюнча ички ташуулар токтобогонун, ал эми Орусиянын шаарларына, Москвадан тышкары, эл аралык жүргүнчү ташуулар апрелди аяктап, майдын башында башталарын айтты.

«Эл аралык ташуулар боюнча биз Казакстандагы жана Орусиядагы кесиптештер менен дайыма сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйруса апрелдин жыйырмасында же майдын башында [Орусияга жана Казакстанга] жүргүнчү ташуулар ачылат. Москвага 2023-жылга чейин жүргүнчү ташууга болбойт. Москва темир жолдорун жаңыртып жатат: рельс жана шпалдарын алмаштырып», — деди Сакиев.

Ал кошумчалагандай, Самара, Казань жана Новосибирск жүргүнчү ташууга уруксат берген.

Казакстан жана Орусияга жүргүнчү ташуу

Казакстан 21-февралдан тартып Кыргызстандан Орусияга темир жол аркылуу жүргүнчү ташыган поезддери үчүн өз аймагындагы чек арасын ачкан. Минкабдан Кыргызстандан чыккан поезддер Орусияга Казакстандын аймагы аркылуу гана өтө аларын билдиришкен.

Темир жол каттамын кайрадан жандандыруу чечими Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 15-16-февралда өткөн биринчи жыйынында кабыл алынган. Бирок минкабдан жүргүнчү ташуу Орусиянын макулдугу алынгандан кийин гана жанданарын, ошондуктан Транспорт министрлиги Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгилешкен.

Орусия менен темир жол каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам жабылган. Өлкөлөр жүргүнчү ташуу рейстерин кайрадан жандандырууга даяр экенин бир нече жолу айтышкан, бирок Казакстандын чек арасы жабык болгондуктан муну ишке ашыруу мүмкүн болбой келген.