«Урушуп, этиканы сактоону суранды». Бейшеналиев президенттен эмнеге жеме укканын айтты

Президент Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди урушуп, министр катары этиканы сакташын суранды. Бул тууралуу Kaktus Мedia’га Бейшеналиев өзү билдирди.

«Президент мени урушуп, этиканы сактоону суранды. Мага окшогон министри бар экенине жини келип жатат», — деди министр.

Бейшеналиевдин айтымында, эгер кызматтан алынса, «бир топ чоң ата, чоң апалар жол тосууга ниеттенип» жатат.

«Ушул жумада министрлер кабинети менин ишимди карашат, бирок мен өз ордумда калам деп ойлойм. Өкмөт жана бүткүл коомчулук менин "лопух" деп айтканымды, этикага баш ийбейт деп сындап жатат. Мен эч кандай жыйынтык болбосо этиканын эмне кереги бар деп жооп бердим. Мени жумуштан алышса бир топ чоң ата, чоң апалар жолдун ортосуна жатып алып, эч кимди өткөрбөйбүз деп жатышат. Мен үчүн Кыргызстандын бардык жолдору жабылат», — деди ал.

Реформист Бейшеналиев

Бейшеналиев саламаттык сактоону «элдик» кылып берерин айткан.

«Ооба, мени эмоция менен айткан сөздөрүм үчүн мыскылдап жатышат. Бирок түшүнсөңөр, мен президентти тандап, ага өлкөнүн тагдырын ишенип берген эл үчүн саламаттык сактоону жасап берейин деп аракет кылып жатам да. Ал эми президент мага саламаттык сактоону реформа кылып, саламаттык сактоо системасын калыбына келтир деп ишенип берди да», — деген Бейшеналиев.

Министр саламаттык сактоо жаатында жакшы жылыштар бар экенин дагы билдирген болчу.

«Жакшы жылыштар бар: кыргыз-түрк достук ооруканасы иштей баштады, президент 2011-жылдан бери турган травмотологиянын оңдолгон корпусун көрдү, Бишкектин №2 төрөт үйүнө имаратты кайтарып бердим, эми ал жер төрөй турган жана төрөгөн аялдар үчүн кең жана жайлуу болуп калды, “Алтын Балалыкты” куруп жатабыз, сапаттуу медициналык кадрларды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Башка медициналык борборлорго окшоп клиника үчүн жеке менчик имаратты алып ишин улантуу үчүн ошол эле А. Исманкуловго эмне тоскоолдук кылып жатат?» — деген министр.

Бейшеналиевдин айтымында, анын реформаларын корифейлер колдошот.

«Жүргүзүлүп жаткан реформаларды биздин медицинанын бардык корифейлери колдошот — М. Мамытов, М. Мамакеев жана башкалар. Андыктан дагы бир жолу айтайын — мындан ары дагы реформаны улантам, саламаттык сактоону калыбына келтирип, элдик кылам. Мени жумуш ордуман, эл тандаган президент гана бошото алат», — деп билдирген министр.