Бекешев: «Экспресс Строй КГнын» Бишкекте мектептерди курууга келишими болгон

Депутат Дастан Бекешев Телеграм-каналында, «Экспресс Строй КГ» компаниясынын Бишкекте мектептерди курууга келишими бар болгонун бышыктаган документтерди жарыялады.

Анын айтымында, макулдашуу Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы буйругу менен бекитилген.

«Мен айтып чыккандан кийин буйрукту күчүн жоготкон деп тааныгылары келип жатат. Балким, ушул эле компания же аталышы башка компания тендерге катышпай эле Бишкекте мектептин баарын кура алгыдай кылып башка жолдорду издешет», — деп жазды депутат.

«Экспресс-строй КГ» жана мектептердин курулушу

Буга чейин Бекешев «Экспресс-строй КГ» компаниясы Бишкектеги бардык мектептерди тендерге катышпастан курат деп билдирген.

Шаардык мэрия депутаттын билдирүүсүнө реакция кылып, компания мектептерди курууга кепилдик милдеттенмелерин бергени менен келишим түзүлбөгөнүн билдирген. Муниципалитеттен мектеп куруудагы бардык сатып алуулар бир гана мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык жүргүзүлөт деп кошумчалашкан.

Андан кийин Бекешев минкабдан Бишкектин мектептерин курууну бир гана компанияга өткөрүп берүү тууралуу токтомду жарыялоону талап кылган. Эл өкүлү «башталган иштер албетте, сонун, бирок коррупциялык схемалардын айынан бузулушу мүмкүн» деп чочулап жатат.

«Экспресс-строй КГ» тууралуу эмне белгилүү?

Юстиция министрлигинин реестрине ылайык, «Экспресс-строй КГ» ишмердүүлүгүн 2020-жылы баштаган. Компания турак жайларды жана башка имараттарды курат.

Компания 2022-жылдын 24-мартында кайрадан каттоодон өткөн жана учурдагы негиздөөчүсү — Кочкорбек Жуманазаров. Ал дагы бир нече компанияны жетектейт — «Чок-Тал-Сити» ЖЧКсы, «Модуль Хаус» ЖЧКсы, «Евро Шпал» ЖЧКсы, «КЖ Глобал Компании» ЖЧКсы жана «КЖ Инвест Компании» ЖЧКсы.

Оsoo.kg’нин маалыматына ылайык, Жуманазаровго чейин «Экспресс-строй КГ» компаниясын Эрмек Атантаев жетектеген.

Factchek.kg басылмасынын журналисттери компаниянын негиздөөчүлөрүнүн өмүр-таржымалын иликтеп чыгышкан. Көрсө, Атантаев менен бирге Ахмадшох Азатов дагы компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон экен.

Журналисттердин маалыматына ылайык, Азатов — президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшанбек Сабировдун уулу. Ага «Экспресс-Строй КГ» ЖЧКсынан тышкары, «Страус кей джи» жана «Бетон Профи» ЖЧКсы катталган.

Ошондой эле «Экспресс-Строй КГ» буга чейин Нурдин Сабировго — Равшанбек Сабировдун дагы бир баласына таандык экени белгилүү. Үстүбүздөгү жылдын февралында компания кайрадан каттоодон өтүп, жаңы негиздөөчүсү пайда болгон.