«Кайдагы оппозиция?» Байсалов Кумтөр боюнча келишим тууралуу айткан саясатчыларга жооп берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук барагында «Бириккен демократиялык кыймылынын» билдирүүсүнө жооп берди. Кыймыл 13-апрелде Кыргызстан Кумтөр боюнча Centerra Gold Inc. менен тынчтык келишимин түзүүдөн баш тартышы керек деп билдирген болчу.

«Оппозиция деп бул досторубузду атоо туура эмес. Равшан Бабыр уулу 2,5 миң добуш алган президенттик шайлоодо. Клара айымдыкы дурусурак: 1% — 14 миң добуш. Анан кайдагы оппозиция боло алышмак эле? Активист дегилечи сураныч. Ошол туура болот!» — деп жазды Байсалов.

Байсалов кыймылдын мүчөлөрүн оппозиция деп эсептебесин билдирди.

«Уят эле бирок. Саясатчы менен артист сезиши керек сахнадан качан түшүштү. Эптеп эле чырлап, кыпчылып, өрдөк жокто чулдук бий болуу аракети. Оппозиция болот, азыр деле бар. Бирок бул активисттер эмес. Бузуку деп айтпайын. Бирок Кумтөрдүн 100% элибизге кайтарылышына БУУ баш болуп, дүйнөлүк коомчулук суктанып, алкыш айтып атышса, куттуктап, булар тескери каршы чыгып аткандары бузукулук эмей эмне», — дейт чиновник.

Байсаловдун билдирүүсүнө «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү, саясатчы Клара Сооронкулова дагы жооп кайтарды.

«Байсаловду сөгө албаганыма эч качан өкүнгөн эмесмин. Кайда, кайсы кеменин артынан “жибереримди” билбей турам. Байкуш. Премьер-министрликке добуш берүү менен шайланса бир жөн эле», — деп жазды Сооронкулова Фейсбук барагында.

Оппозиционерлердин билдирүүсү

«Бириккен демократиялык кыймыл» 13-апрелде «Кумтөр: коррупциялык жана экологиялык тобокелчиликтер» деген темада өткөн жыйында Кыргызстан Кумтөр боюнча Centerra Gold Inc. менен тынчтык келишимин түзүүдөн баш тартышы керек деп билдирген.

Саясатчылар Кумтөрдү улутташтыруунун зарылдыгы тууралуу кайрылуу даярдашканын билдиришкен. Алардын пикиринде, канадалык компания менен келишим түзүү — Кыргызстан үчүн утулуш болот, анткени өлкө «Центеррадагы» акцияларынан баш тартып, экологиялык чыгымдарды өз мойнуна алып жатат.

«Бириккен демократиялык кыймыл» — бул кыргыз оппозициясынын жаңы түзүмү, кыймылдын түзүлгөнү 31-мартта белгилүү болгон. Анын курамында Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев өңдүү саясатчылар, ошондой эле укук коргоочулар жана активисттер бар. Кыймылдын координатору — Мамбетжунус Абылов.