Жапаров чек ара маселесин президенттик мөөнөтү бүткүчө чечүү ниети бар экенин билдирди

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы барагы аркылуу блогерлерди жана ЖМКларды чек арага байланыштуу фейк маалыматтарды тараптоого чакырды.

Аны менен кошо Жапаров кыргыз-тажик чек арасынданы актуалдуу маселелер качан чечилерин айтты. Анын айтымында, чек ара көйгөйү 30 жылдан бери чечилбей келет жана ал кылдаттыкты талап кылат.


«Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар», — деп жазды президент.


Жапаров билдирүүсүн кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги жаңжалдан кийин жасады. 2022-жылдын 13-апрелине караган түнү эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон.

Жаңжалда эки кыргызстандык, чек арачы жана жергиликтүү тургун жабыркаган. Ал эми тажик тараптан, «Озоди» басылмасынын маалыматына ылайык, бир чек арачы каза тапкан.