Эдил Байсалов: Эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, карасанатайларды укпаңыздар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго «ичи күйгөндөр» тууралуу пост жазды.

Байсалов Акылбек Жапаров тууралуу «сын жана ушактарды» укканда күлкүсү келе турганын айтты.

«Бул кишини билип-билбей эле апыртып, көптүрүп, көрө албастык жана ич күйүтүн тим эле жашыра албагандар толтура эмеспи. Таланттуу, билимдүү жана күнү-түнү иштеген өкмөт башчы, баш вазир Акылбек Жапаров азыр мамлекетке кызмат кылып атканы — бул элибиздин бактысы…» — деп жазды Байсалов.

Байсаловдун айтымында, «чоң ийгиликтер алдыда», ал эми кыргызстандыктар «жакшылыктан үмүт кылышы керек».

«Көптү айткым, айтып бергим келет […] Азыр туура эмес болуп калат. Министрлер кабинети түзүлгөнүнө алты ай болду. Чоң ийгиликтер алдыда… Азыр туугандарыма айтаарым: жакшылыктан үмүт кылыңыздар, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку, карасанатайларды укпаңыздар!!! Баары жакшы болот!» — деди ал.

*Эки Жапаров деп Эдил Байсалов президент Садыр Жапаров жана минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров тууралуу айтып жатат