Өткөн аптада унаанын айнегин караңгылатып жүргөн 77 айдоочуга айып салынды

Иллюстративдик сүрөт.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкө аймагында бир жумада унаанын айнектерин караңгылатып айдап жүргөн 77 айдоочуга айып салынганын билдирди.

«Автоунаанын айнектерин күңүртөөгө азырынча уруксат берилген жок. Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан тиешелүү мыйзам актылары жана жоболор кабыл алына элек», — деп белгилешти мекемеден.

Аны менен катар, 11-апрелден 17-апрелге чейин өлкөдө жол эрежесин бузган 19 158 учур катталганын белгилешти. Анын ичинен 99 айдоочу мас абалда унаа айдап жүргөндө токтотулган. Өлкө боюнча жалпы 685 унаа айып короого токтотулду. Мындан тышкары 812 жөө жүргүнчү жол эрежелерин бузган.

Унаанын айнектерин акы төлөп караңгылатуу мыйзамы

Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде президент Садыр Жапаров унааларынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Мыйзамдын максаты — автоунаа ээлерине транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жана кылмыштуулуктун санын азайтуу экени айтылган.

Мыйзамга ылайык, эгер айдоочу автоунаасынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин уруксаты жок караңгылатып алса ага айып салынат: жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом), юридикалык жактарга 400 эсептик көрсөткүч (40 миң сом). Алымдын өлчөмүн жана төлөө тартибин минкаб аныктайт.

ИИМдин маалыматына ылайык, инспекторлор унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу үчүн жылына 3000 протокол түзүшөт. Учурда бул үчүн 5,5 миң сом айып пул салынат.

2021-жылдын тогуз айында 5 437 жол кырсыгы катталып, анда 587 киши каза тапкан. 2020-жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандардын саны 15,3%га көбөйгөн.

Тема боюнча:

Садыр Жапаров унаанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин акы төлөп караңгылатуу мыйзамына кол койду

Өкмөт жол эрежесин бузуулар үчүн айыпты азайткысы келет