Бекешев: Эми УКМКнын кызматкерлери күбөлүгүн жарандар талап кылганда көрсөтпөй коё алат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жөнүндөгү жаңы мыйзам долбооруна ылайык, комитеттин кызматкерлери жарандар талап кылганда кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөй коё алат. Бул тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 18-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешев айтып чыкты.

Анын айтымында, колдонуудагы мыйзамда УКМКнын кызматкерлери кайсы учурларда беткап кийсе болору жана күбөлүгүн көрсөтүүсү боюнча норма бар. Бирок учурда ал норма четке кагылып жатат деди Бекешев.

«Менимче бул туура эмес. Себеби ар кандай окуялар болуп атат. Кээде түшүнбөйсүң, бул ким? УКМКнын кызматкериби же кылмышкерби же УКТ мүчөсүбү, балким башкасыбы? Негизи атайын операция болбосо, жарандар сураганда күбөлүктү көрсөтүшү керек. Милиция дагы ушундай тартип менен иштейт», — деди Бекешев.

Эл өкүлү кесиптештерине кайрылып, бул нормаларды күчүндө калтырууну сунуштады. Болбосо «мыйзамсыз аракеттер» башталат дейт ал.

«Бул жерде мындай жазылып турат: беткапты кызматтык ишмердүүлү учурунда же жеке коопсуздук маселеси болгондо колдонобуз. Кызматтык ишмердүүлүк дегенди кеңири түшүнсөк болот, жеке коопсуздук да ушундай эле», — деди ал, кызматкерлер кайсы учурларда беткап колдонсо болорун так көрсөтүү керек экенин кошумчалап.

Ал арада УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков Бекешевге ал айткан нормалардын бардыгы мыйзамда бар деп жооп кайтарды.

«Биз кызматтык күбөлүксүз эч жакка чыкпайбыз. Биз аны көрсөтөбүз. Анын бары мыйзамда бар. Бар нерсени кайталагандын кереги жок. Беткап боюнча да мыйзамда жазылып турат. Жумуш кылган учурда деп жазылып турат. Ал эмес медициналык беткапты кийбей жатабыз го. Бул болгону атайын операцияларда, атайын багытталган жоокерлерге гана тиешелүү», — деди Мамасадыков.

Жыйынтыгында комитет Бекешевдин улуттук коопсуздук жөнүндөгү мыйзам нормаларын калтыруу сунушун колдогон жок.