Шаршенбеков менен Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду

Кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль багындырды.

Шаршенбеков 63 килограмм салмакта күч сынашты. Ал финалда казакстандык спортчу Мейрамбек Айнагуловдун далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Ал эми чейрек финалда Тынар Шаршенбеков индиялык Неераж Нееражды 10:4, жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахромовду 13:7 эсебинде уткан.

Ал эми 77 килограмм салмакта күрөшкөн Акжол Махмудов финалдык беттеште казакстандык балбан Максат Ережеповду 3:1 эсебинде жеңип, Азиянын экинчи жолку чемпиону аталды.

Кыргыз балбаны чейрек финалда ирандык спортчу Ареф Мозафар Хабиболлахини 9:1, жарым финалда кореялык Ким Хён Уну 4:1 эсебинде уткан.

23 жаштагы Акжол Махмудов эл аралык класстагы спорт чебери. 2018-жылы ал Азия оюндарында күмүш медалды багындырган. Ал эми Токио-2020 олимпиадасында Махмудов грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль тагынган.

25 жаштагы Тынар Шаршенбеков дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековдун бир тууган агасы. Ал 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпионатында коло медалды уткан. 2019-жылы чоңдор арасында Дүйнө чемпионатында бешинчи орунду ээлеген. Ал эми 2022-жылдын февралында Тынар Шаршенбеков Болгарияда өткөн Dan Kolov — Nikola Petrov атындагы эл аралык мелдеште коло байгени уткан.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Монголиянын Улан-Батор шаарында 19-апрелде башталып, 24-апрелде аяктайт. Ага жалпы 21 кыргызстандык спортчу катышууда. Кыздар арасында мелдеште дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова күч сынашат.