Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСине инвестиция тартуу үчүн Вашингтонго кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Вашингтондо (АКШ) жүрөт. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Минкабдын маалыматына ылайык, Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат. Ошондой эле ал Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Басма сөз кызматтан Жапаров экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, ошондой эле энергетика тармагына, кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестицияларды тартуу боюнча маселелерди дагы талкууларын белгилешти.

«Расмий делегациянын курамына финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов кирген», — деп кошумчалашты минкабдан.