ИИМ: Түркияда ФЕТО уюмунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алуу маселеси талкууланды

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков менен Түркиянын вице-президенти Фуат Октай. Сүрөт: ИИМ

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Анкара шаарында Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолукту. Бул тууралуу 20-мартта министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Түркияда террористтик уюм катары таанылган ФЕТО уюмунун тарапташтарынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алуу маселеси жана эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу демилгесин мындан ары да ишке ашыруу талкууланды.

*Кыргызстанда ФЕТО уюму экстремисттик жана тыюу салынган уюмдардын тизмесине кирбейт.

Ошондой эле Ниязбеков менен Октай эки өлкөнүн экономикалык, саясий жана маданий кызматташуусунун мындан аркы жолдорун дагы сүйлөшүштү.

Алар быйыл эки өлкөнүн президенттеринин төрагалыгы алдында өтө турчу Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселесине да токтолушту.

Инандынын уурдалышы жана Эрдоган менен Жапаровдун жолугушуусу

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

ФЕТО — түркчөдөн которгондо Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Фетхуллах Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок «Гүлендин кыймылы» бул айыптоолорду четке кагып келет.

2021-жылдын 9-июнунда президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барып, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууда террористтик уюмдарга каршы туруштук берүү маселесин талкуулашкан. Эрдоган айрыкча ФЕТО уюмуна басым жасаган. Анын айтымында, Жапаров ФЕТО «эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирери тууралуу» Эрдоган менен пикирдеш.

Анткен менен Жапаров басма сөз жыйында «Гүлендин кыймылы» тууралуу комментарий берген эмес. Президенттин сайтында да бул жөнүндө маалымат чыккан эмес.

Ошол учурда Кыргызстанда «Сапат» билим берүү мекемесинин* негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголуп, укук коргоо органдары тарабынан изделип жаткан.

*Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары оппозиционер Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Анда негиздөөчүлөрдүн катарына кыргыз өкмөтү кирген — азыр Билим берүү министрлиги 30% акцияга ээлик кылат.

5-июлда Эрдоган Орхан Инандыны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму атайын операциянын негизинде кармаганын билдирген. Түркиянын башчысы Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башчысы» деп атаган.

Көп өтпөй Түркиянын соту Инандыны «куралдуу террордук уюмду башкарган» деген айып менен камакка алган. Бирок Инанды өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна албай, тергөө менен кызматташуудан баш тарткан. Анкара прокуратурасы Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин колонияга калтырууну сураган.

Акыркы сот отурумунда Инанды тергөө маалында берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан. Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова тергөө учурунда Инандыны кыйнап туруп көрсөтмө алышканын, бирок ага карабастан күнөөнү мойнуна албагынын айтып берген.

Орхан Инанды Түркияда туулган, бирок 1995-жылы Кыргызстанга келип 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган. Ал «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесин негиздеген төрт кишинин бири.

Эрдогандын Гүленди айыптоосу, экөөнүн тиреши

Фетхуллах Гүлен жана Режеп Эрдоган.

Фетхуллах Гюлен 1999-жылы дарылануу үчүн Түркиядан чыгып кетип, мурдагы үзөңгүлөшү, Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайип Эрдоган менен келишпестиги үчүн мекенине кайтып келбей койгон.

Эрдоган жана Гүлендин ортосундагы кастык 2016-жылы күчөгөн. Ал жылы 16-июнга караган түнү Түркиянын Анкара шаарында аскерлердин тобу «мамлекеттик төңкөрүштү» уюштурууга аракеттенген. Түрк бийлиги төңкөрүштү басып, анын кесепетинен 249 киши каза болуп, 2 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Кийинчерээк Эрдоган бул төңкөрүшкө Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын айыптап, миңдеген кишилер кармалган. Бирок Гүлен бул айыптоолорду четке каккан.

Түрк бийлиги бул окуялардан кийин дүйнө боюнча Гүленге таандык делген мектептерди жабууну жана ФЕТО уюмунун мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү сурана баштаган.

Болжолу ФЕТОнун мүчөлөрү, «Себаттын» мугалимдери жана Гүлендин туугандары ар башка өлкөлөрдөн уурдалып, Түркияга жеткирилип турат.

Тема боюнча:

ФЕТО, кыргыз-тажик чек арасы, авиакаттамдар. Жапаровдун Түркияга болгон сапары

Орхан Инанды 14-апрелге чейин камакта калды