ФЕТО, кыргыз-тажик чек арасы, авиакаттамдар. Жапаровдун Түркияга болгон сапары

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Өлкө башчысы Садыр Жапаров жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 9-июнда маалымат жыйын куруп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын ачыкташты. Басма сөз жыйыны түрк президентинин резиденциясында өттү.

Негизинен сүйлөшүүлөрдүн маңызын Эрдоган ачыктады. Ал эми Жапаров анын сөздөрүн бышыктап, кыргыз-түрк мамилелеринин өнүгүшүно кызыктар экенин билдирди.

Өнөктөштүккө 10 жыл

Жыйындын башында Эрдоган 30 жыл мурун Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган биринчи өлкөлөрдүн бири болгонун белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө 10 жыл болгонун айтып, бул мамилелер мында ары да бекемдейт деп билдирди.

Мындан сырткары Эрдоган кыргыз эли 11-апрелде референдум аркылуу президенттик башкарууну тандаганын белгилеп, Кыргызстанга ийгилик каалады.

*2017-жылдын апрель айында Түркиянын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, парламенттик башкаруу президенттик башкарууга алмашылган. Референдумга катышкан 51%дан ашуун шайлоочу буга «макул» добушун беришкен. Түркияда президенттик башкарууга өтүү нааразычылык акциялары менен коштолгон.

ФЕТО жөнүндө

Фетхуллах Гүлен жана Режеп Эрдоган

Түркиянын башчысы Садыр Жапаров менен жолугушууда террористтик уюмдарга каршы туруштук берүү тууралуу сүйлөшкөнүн билдирди. Эрдоган айрыкча ФЕТО* уюмуна басым жасады. Анын айтымында, Жапаров ФЕТО «эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирери тууралуу» Эрдоган менен пикирдеш.

*ФЕТО — түркчөдөн которгондо Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Фетхуллах Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок «Гүлендин кыймылы» бул айыптоолорду четке кагууда.

«Соңку окуялар ФЕТОнун кандуу, караңгы жана суук жүзүн ачыктады. Кудай буюрса, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бул маселени бирге жеңебиз. Урматтуу өлкө башчыга Түркиянын кыргыз элине жана мамлекетине болгон колдоосун дагы бир жолу баса белгиледим. Саясий туруктуулукка карай жасалган ар бир кадамында биз кыргыз мамлекетинин жанында болууну улантабыз», — деди Эрдоган.

Анткен менен Жапаров басма сөз жыйында «Гүлендин кыймылы» тууралуу комментарий берген жок. Президенттин сайтында да бул жөнүндө маалымат жок.

Учурда Кыргызстанда «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды изделүүдө. Ал 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Күч органдары Инандынын жоголгону боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Түрк басылмалары Инандыны «ФЕТОнун Орто Азиядагы имамы» деп жазып, ал Кыргызстанда кармалганын билдиришкен. Ал эми Инандынын жубайы Рейхан Инанды ал Түркиянын бийлиги тарабынан уурдалып, элчиликтин имаратында кармалып жатканын айтууда. Бирок Түркиянын элчилиги бул маалыматты «нонсенс» деп атаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу

Ошондой эле Эрдоган апрелдин аягында Кыргызстан жана Тажикстандын чектеш аймактарында болгон куралдуу кагылышууну эскерди. Эрдоган «эки тууган элдин ортосундагы кагылыш терең кайгыга салганын» билдирди.

«Эки тууган өлкөнүн ортосунда болгон окуя бизди чынында терең кайгыга салды. Бул мүмкүнчүлүк менен пайдаланып каза болгон бардык туугандарыбыздын жакындарына көңүл айтам. Эки өлкө сабырдуулук менен бул маселени кыска мөөнөттө чечип алганына кубандык. Эки кошуна мамлекет мындан ары да көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечет деген үмүттөбүз», — деди Эрдоган.

28-29-30-апрелде тажик аскерлеринин Баткен облусунун чек ара чектеш аймактарына кол салуусунан 36 кыргызстандык каза болгон — алардын жаш балдар жана үч аскер кызматкери да бар. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракеттерин «аскердик агрессия» деп баалап, 11 сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: «Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик

Авиакаттамдар көбөйөт

Режеп Эрдоган Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы авиакаттамдардын саны көбөйө турганын билдирди.

«Бул каттамдар кыйла башкача болот, алардын саны көбөйөт. Түркиядан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Түркияга каттамдар көбүрөөк уюштурулат», — деди Түркиянын президенти.

Ошондой эле Эрдоган коронавирус пандемиясына карабастан эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыктардын көлөмү 507 млн доллардан азайбаганын белгиледи. Ал Кыргызстан менен соода-сатык мамилелерди 1 млрд долларга чейин көтөрүүгө аракет кыларын айтты.

Президент Жапаров Түркия менен соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү жөнүндө макулдашууга жетишилгенин тастыктады. Ошону менен бирге Жапаров үстүбүздөгү жылдын 8-9-июлунда Ысык-Көлдө Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги 10-жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиледи.

Ошондой эле, президенттер саламаттык сактоо чөйрөсүндө эки өлкө ортосундагы ири долбоорлордун бири болгон Бишкектеги кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасын расмий түрдө ачуу маселеси талкуулады.

Мындан сырткары эки өлкө башчы транспорт, саламаттык сактоо, кен казуу, энергетика, туризм, билим берү жана маданият сфераларын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү белгилүү болду. Садыр Жапаров Түркияда 10 миңден ашуун кыргызстандык жогорку билим алып жатканын белгилеп, тыгыз кызматташуунун натыйжасында бул сан мындан ары бир кыйла өсөрүнө үмүт артты.

Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен 9-июнда учуп кеткен. Өлкө башчынын басма сөз кызматы Жапаров түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын билдирген. Ошондой эле Түркияда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелери талкууланды.