Орхан Инанды 14-апрелге чейин камакта калды

3-февралда Анкарада Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалган «Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандынын иши боюнча соттук отурум өттү. Бул тууралуу «Сабах» басылмасы кабарлады.

Сот тууралуу Инандынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова да билдирген болчу.

12-июлда Түркиянын соту Инандыны куралдуу террордук уюмду башкарган деген айып менен камакка алган. Бирок Инанды өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна албай тергөө менен кызматташуудан баш тарткан. Анкара прокуратурасы Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин колонияга калтырууну сураган болчу.

*2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Анда негиздөөчүлөрдүн катарына кыргыз өкмөтү кирген — азыр Билим берүү министрлиги 30% акцияга ээлик кылат. Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактарын дин аалымы Фетхуллах Гүлен негиздеген деп эсептейт — Гүлендин ФЕТО уюму жана анын уюмдары Түркияда террористтик деп табылган. Гүлен өзү 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине айыпталган. Кыргызстанда гүленчилердин кыймылы экстремисттик жана тыюу салынган уюмдардын тизмесине кирбейт.

Инанды FETÖ уюму менен 1985-жылы таанышканын, ал эми «Сапат» билим берүү мекемесинде 1995-жылдан тарта иштеп баштаганын айтып берген. Ал өмүр бою мыйзамсыз аракеттерге барбаганын билдирген.

Сот шектүүнү бошотуу өтүнүчүн четке кагып, аны камакта калтырды. Кийинки сот отуруму 14-апрелде өтөт.

Инандынын уурдалышы

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Кыргызстанда ал бир айдан ашык изделип, башка өлкөлөрдөн да Интерпол аркылуу изделген.

Инандынын адвокаты аны уурдоого шектеп жаткан жарандын видеосун бөлүшкөнүнө карабай ИИМ иш жүрүп жатат деп издөөнүн ар кайсы жердеги сүрөт жана видеолорун чыгарып туруп алган. Ал арада «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү жана тилектештери Түркиянын элчилигинин алдында митингге чыгышып, Инанды ал жерде кармалып жатат деп шекшип, элчиликти тинтүүнү талап кылышкан.

1 -июнда президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Кийин Жапаров Түркияга барып, президент Режеп Эрдоган менен жолуккан. Түрк бийлиги мурда эле Орхан Инандыны аларга өткөрүп берүүнү жана Кыргызстандагы «Сапат» лицейлерин жабууну талап кылып келген.

Укук коргоо органдары Орхан Инанды изделип жатат деп маалымат берип турган учурда Эрдоган маселеге чекит коюп, Инанды Түркияда экенин билдирген. Тагыраагы, 5-июлда түрк башчысы Инандыны Түркияга өлкөнүн атайын кызматы алып келгенин айткан. Эрдоган Инандыны «ФЕТОнун* Борбор Азия боюнча башчысы» деп атаган.

Орхан Инандыга паспортту «мыйзамсыз» берүү иши

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инандынын кыргыз жарандыгын алышынын мыйзамдуулугу ал Бишкекте Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалгандан кийин карала баштаган.

Инанды Түркияга жеткирилгени белгилүү болгондон кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын куруп, ал эки паспорт колдонуу менен «мыйзам бузду» деп билдирген. Ал эми Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова, анын Түркияда алган паспорту жараксыз экенин билдирген.

Ташиев өз сөзүндө Орхан Инандынын кыргыз жарандыгын алганы боюнча 2019-жылы сотко чейинки өндүрүш ачылганын белгилеп, иш дагы деле тергелип жатканын айткан.

Анткен менен юристтер кыргызстандыктарга кош жарандуулук ал мамлекеттик кызматкер болбосо уруксат берилгенин белгилешет. Ошондой эле Орхан Инанды Түркиянын жараны болгон чакта деле аны өз өлкөсүнө өткөрүп берүү үчүн атайын соттун чечими болушу керектинин айтышат.

Түрк жарандарына кыргыз паспортун «мыйзамсыз берүү» иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязов жана президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы Эрнист Апилов шектүү катары өтүүдө.

Эрдоган менен Гүлендин тиреши

Фетхуллах Гюлен 1999-жылы дарылануу үчүн Түркиядан чыгып кетип, мурдагы үзөңгүлөшү, Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайип Эрдоган менен келишпестиги үчүн мекенине кайтып келбей койгон.

Эрдоган жана Гүлендин ортосундагы кастык 2016-жылы күчөгөн. Ал жылы 16-июнга караган түнү Түркиянын Анкара шаарында аскерлердин тобу «мамлекеттик төңкөрүштү» уюштурууга аракеттенген. Түрк бийлиги төңкөрүштү басып, анын кесепетинен 249 киши каза болуп, 2 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Кийинчерээк Эрдоган бул төңкөрүшкө Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын айыптап, миңдеген кишилер кармалган. Бирок Гүлен бул айыптоолорду четке каккан.

Түрк бийлиги бул окуялардан кийин дүйнө боюнча Гүленге таандык делген мектептерди жабууну жана ФЕТО уюмунун мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү сурана баштаган.

Болжолу ФЕТОнун мүчөлөрү, «Себаттын» мугалимдери жана Гүлендин туугандары ар башка өлкөлөрдөн уурдалып, Түркияга жеткирилип турат.