«Күнөөм жок». Батмакан Жолболдуева 26-майга чейин камакта калтырылды

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Ош шаардык сотунда 21-апрелде блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасы каралды. Сот анын үй камакка чыгаруу суранычын четке кагып 26-майга чейин камакта калтырды.

Судья мындай чечимин тергөө боюнча дайындалган экспертизалар толук чыга электиги менен негиздеди. Ага чейин тергөөчү Жолболдуеванын үй камагына чыгышы «иликтөө иштерине тоскоолдук жаратат» деген жүйөөнү келтирди.

Отурум башталганга чейин Жолболдуева журналисттерге ага тагылган айыптарды мойнуна албасын айтты. Ошондой эле журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө «күнөөлүүмүн деп эсептебейм» деп билдирди.

«Эч кандай тергөө ишин көргөн жокмун. Кармалган күнү келген, ошол боюнча тергөөчүнү көрө элекмин. Бир туугандарым тамак алып келсе дагы төрт күн киргизбей коюптур. Таза абага дагы чыгарган жок. Укугумду тебелешти», — деди Жолболдуева.

Ошондой эле блогер өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаганын убактылуу кармоочу жайдын жетекчисинин «коркутуулары» менен байланыштырды.

«Убактылуу кармоочу жайдын Эркин деген башчысы коркутту. Курулай доомат менен камалып “элдин алдына кантип чыгам” деп өзүмө кол салдым. Мени [бул окуя боюнча] азырга чейин экспертизадан өткөрө элек», — деп нааразы болду ал.

Буга чейин блогердин жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева аны камакта кармоо «мыйзамга каршы келерин» билдирип, аны үй камагына чыгарууну талап кылган. Ал Жолболдуеванын жалгыз бой эне, жашы жете элек балдары жана картайган атасы бар экени «эске алынбаганын» белгилеген.

«Батма-Бат» Ютуб каналынын башчысы Батмакан Жолболдуева 28-мартта журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган. Алгач ага карата «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Андан кийин ага «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгону белгилүү болду. Анын жактоочусу козголгон иштер негизсиз экенин айткан, ошондой эле муну блогердин ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Кененирээк окуңуз:

Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон төрт кылмыш ишинин чоо-жайы