Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон төрт кылмыш ишинин чоо-жайы

Блогер Батмакан Жолболдуева

Баткенде журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган блогер Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн жалпы төрт кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Клоопко» анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Ал активистке кылмыш иштери «негизсиз козголгон» деп эсептейт.

«Бейбаштык» беренеси

«Бейбаштык» беренеси менен иштин ачылышына блогердин Баткен облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Алихан Ураимов менен үстүбүздөгү жылдын 5-февралында чырдаша кеткени себеп болгон.

Лейлек районунун администрациясына апрелдеги куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу маселелери боюнча жыйынга Жолболдуева да катышууну каалаган. Бирок Ураимов блогер «ЖМК өкүлү эмес экенин» айтып жыйынга киргизүүдөн баш тарткан. Мындан улам жаңжал чыгыып, Ураимов блогерди бетке муштаган.

Кийинчерээк Жолболдуева ооруканага жатып, бети көгөргөн сүрөтүн да жарыялаган. Аталган факты милицияга катталып, териштирүү жүрө баштагандан кийин Ураимов видеокайрылуу жасап, Жолболдуевага кол көтөрбөгөнүн айткан. Ошондой эле аны «коомчулукту адаштырууга аракет кылып жатат» деп айыптаган.

Баткен райондук сотунун маалыматына караганда, соттук-медэкспертиза Ураимов «ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил жараат алганын» аныктаган. Жолболдуевага кылмыш иши экспертизанын негизинде козголгон.

Бирок блогер Жолболдуеванын Ураимовдун үстүнөн жазган арызы боюнча иш кыскарып кеткен. Сүйүнбаева «иштии күчкө салып эле жаап коюшту» дейт.

Тема боюнча: Баткенде облустук администрациянын аппарат жетекчиси блогерди урганын четке кагууда

«Документтердин жасалмасын жасоо» беренеси

Бул берене боюнча кылмыш иши блогердин «Элдик көзөмөл Батма-Бат» коомдук бирикмесине байланыштуу ачылган. Тергөөдө «Жолболдуева бирикмени ачууда протоколго Мээрим Кутуева аттуу аялдын колун жасалмалап коюп, уюмду облустук юстиция башкармалыгында каттоодон өткөргөн» деп айыпташкан.

Кутуева Юстиция министрлигинин сайтында аталган бирикменин негиздөөчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн.

Жактоочу Назгүл Сүйүнбаеванын айтымында, Кутуева блогердин таанышы. Ошондуктан активист бирикмени түзүү учурунда протоколго Кутуеванын «макулдугу менен» кол койгон.

«Ал протокол расмий документ болуп эсептелинбейт. Мыйзамда документ менен бирөө-жарымга зыян келтирсе кылмыш болуп эсептелинет. Ал кол коюп бирөөгө зыян келтирген эмес», — деди Сүйүнбаева.

Маркум журналист Арзыгүл Галымбетова

«Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси

Аталган берене боюнча кылмыш ишинин козголушуна журналист Арзыгүл Галымбетованын арызы себеп болгон. Ал милицияга Жолболдуеванын үстүнөн «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деп арыз жазган.

Жактоочу Назгүл Сүйүнбаева Галымбетова түшүп калган тасманы блогер коомдук жайда тартканын айтууда. Ошондой эле «блогердин максаты Галымбетованын жеке жашоосун эмес, бийлик өкүлдөрүнүн жумуш убактысынан сырткары кызматтык унааларды пайдаланып жүргөнүн чагылдыруу болгон» дейт.

«Бул теманы тергөөчүлөргө бурмалап, журналисттин “жашоосуна кийлигишти” деген беренеге айлантып коюшту», — деди ал.

23-мартта Батмакан Жолболдуеванын «Батма-бат» Ютуб-каналында Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, маркум журналист Арзыгүл Галымбетова жана түрк инвесторлору Баткен шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде отурган видео жарыяланган.

Көп өтпөй Жолболдуева Фейсбук барагында «түңкү көпөлөктөй Арзуу [Арзыгүл Галымбетова] “Акипресстен”, Баткендин губернатору Абдикарим Карбекович, Кызыл-Кыянын вице-мэри да толтура жетекчилер менен чайлашып отурат» деп жазган.

Галымбетова буга байланыштуу арыз жазуу үчүн райондук сотко барган. Бирок түз эфирде Жолболдуеванын туугандары журналисттен арыз жазбоону өтүнүп, блогерди «туугандар чогулуп, тартипке келтиребиз» деп убада беришкен.

«Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси

25-мартта журналист Арзыгүл Галымбетованын саламаттыгы начарлап», саат 20:00 чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылган. Бирок дарыгерлердин жардам көрсөткөнүнө карабай журналист ошол эле түнү жүрөгү токтоп, каза болгон.

Милиция жабырлануучунун арызынын негизинде факты боюнча «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. 28-мартта милиция Батмакан Жолболдуеваны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Сүйүнбаева журналисттин өлүмүнө байланыштуу козголгон бул кылмыш ишин да «негизсиз» деп эсептейт. Ал «блогер кармалган учурда журналисттин эмне себептен каза болгону белгисиз болчу» деп билдирди.

«Корутунду азыр да чыга элек. Соттук-медициналык экспертиза чыга электе эмне үчүн өлүмдү Жолболдуевага байланыштырат? Өлүмдүн себебин алгач изилдеш керек да», — деди жактоочу.

Анын айтымында, блогерди убактылуу кармоочу жайда кармоо «мыйзамга туура келбейт» деп кошумчалады. Ал кылмыштын жаза өтөө мөөнөтү беш жылдан ашык болсо гана камакта кармоого болот дейт.

Мындан сырткары ал Жолболдуеванын жалгыз бой эне, жашы жете элек балдары жана картайган атасы бар экени «эске алынбаганын» белгиледи.

21-апрелде Ош шаардык сотунда блогердин баш коргоо чарасы боюнча кезектеги сот өтөт.

«Тергөөчүлөр камакта кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча кайрылышты. Биз мыйзамга ылайык камакка байланышпаган чараны тандап берүү боюнча кайрылганбыз. Учурда Батмакан Жолболдуеванын психикалык абалы оор болуп жатат», — деп сөзүн жыйынтыктады жактоочу.

Батмакан Жолболдуева 34 миңден ашуун катталуучусу бар «Батма-Бат» You Tube каналын иштетип келген. Ал Баткен шаарындагы жана облустун аймактарындагы ашкана, дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын сактоо мөөнөтүн текшерчү. Текшерүү учурундагы видеолорду Ютуб-каналына жарыялап турган.