Азия чемпионаты: Эрназар Акматалиев финалга чыкты

Спортчу Эрназар Акматалиев Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында финалга чыкты. Ал жарым финалдык беттеште монголиялык Темуулен Энхтуяны 12:6 эсебинде жеңди.

Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 килограммга чейинки салмакта күч сынашып жатат. Бул салмакта чемпионатка жалпы 10 спортчу катышып жатат.

Балбан чейрек финалда индиялык Навин Навинди 6:3 эсебинде жеңип жарым финалга жолдомо алган. Эми финалда жапон балбаны Тайши Нарикуни менен беттешет.

Өткөн жылы Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып Дүйнө чемпиону болгон.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде Монголиянын Улан-Батор шаарында башталган, мелдеш 24-апрелде аяктайт. Ага Кыргызстандан жалпы 21 спортчу катышып жатат.

Буга чейин Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен анын бир тууган агасы Тынар Шаршенбеков жана Акжол Махмудов алтын медаль багындырышкан.

Ал эми кыздар арасындагы күрөштө Айпери Медет кызы алтын медаль утса, Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова күмүш медаль жеңген.

Тема боюнча:

Балбан Эрназар Акматалиев жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду