Балбан Эрназар Акматалиев жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону болду.

Ал 6-ноябрдагы финалдык беттеште 70 килограмм салмакта армениялык спортчу Вазген Теванян менен күрөшүп, 10:2 эсебинде жеңишти багындырды.

Акматалиев буга чейин үч беттеш өткөргөн — алгачкы беттеште грециялык Кристос Кристофоридисти 12:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда ирандык балбан Алиакбар Алиаскар Фазлихалилини 10:6 эсебинде жеңген. Жарым финалда болсо азербайжандык Мурад Евлоевди 12:8 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган.

Ушуну менен 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында Кыргызстан үчүнчү медалга ээ болду. Буга чейин Бекболот Мырзаназар уулу күмүш медаль, ал эми кыздар арасында 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы алтын медаль тагынган.

23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-ноябрда башталган, 7-ноябрга чейин уланат.