Күрөш боюнча кыргыз курамасы Азия чемпионатында төртүнчү орун ээледи

Кыргызстандын күрөш боюнча курамасы Монголияда өткөн 2022-жылкы Азия чемпионатында жалпы 14 медаль утуп, төртүнчү орунду ээледи.

Турнир 19-24-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында өттү. Жалпысынан эркектер жана аялдар арасындагы грек-рим жана эркин күрөшү боюнча 30 комплект медаль ойнотулду.

Жалпысынан сегиз өлкөнүн спортчулары медалдарга ээ болушту. Биринчи орунду Жапония, экинчи орунду Иран ээлесе, үчүнчү орунга Казакстан чыкты.

Чемпионатка катышкан 21 кыргыз спортчусунун төртөө алтын, үчөө күмүш, дагы жетөө коло медалга ээ болду.

Грек-рим күрөшү боюнча:

  • 60 килгорамм салмакка чейин 1 орун - Жоламан Шаршенбеков;
  • 63 килгорамм салмакка чейин 1 орун - Тынар Шаршенбеков;
  • 72 килгорамм салмакка чейин 3 орун - Адилхан Нурланбеков;
  • 77 килгорамм салмакка чейин 1 орун - Акжол Махмудов;
  • 97 килгорамм салмакка чейин 3 орун - Үзүр Жусупбеков;
  • 130 килгорамм салмакка чейин 3 орун - Роман Ким.

Эркектер арасындагы эркин күрөш боюнча:

  • 57 килгорамм салмакка чейин 3-орун - Алмаз Сманбеков;
  • 61 килгорамм салмакка чейин 3-орун - Улукбек Жолдошбеков;
  • 70 килгорамм салмакка чейин 2-орун — Эрназар Акматалиев;
  • 74 килгорамм салмакка чейин 3-орун — Исламбек Орозбеков;
  • 79 килгорамм салмакка чейин 3-орун — Арсалан Будажапов.

Кыздар арасындагы эркин күрөш боюнча:

  • 62 килгорамм салмакка чейин 2-орун — Айсулуу Тыныбекова;
  • 68 килгорамм салмакка чейин 2-орун — Мээрим Жуманазарова;
  • 76 килгорамм салмакка чейин 1-орун — Айпери Медет кызы.

Тема боюнча:

Кыргыз боксчулары Азия чемпионатында 8 медаль утушту