Садыр Жапаров ЖМКга эч кандай басым жок деген ойдо. Чындыгында андай эмес

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда ЖМКга эч кандай басым-кысым жок деген ойдо. Бул тууралуу ал 25-апрелде «Кабар» мамлекеттик басылмасына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, «жалган иликтөөлөрдү» жасап, «жалган маалыматты» таратып, элди «дискредитация» кылып, коомду «бушайман» кылган журналисттер бар. Жапаровдун айтымында, мындай аракеттери менен журналисттер мыйзам бузуп жатышат.

«Ар ким соцтүйүндөрдө каалаганын сүйлөп эле жатышат го. Айрым ичи бузук медиаөкүлдөрү өз кылмыштарына жооп бербей, кутулуп кетиштин айласын кылып, “кокуй эле кокуй, мени камап атышат” деп кыйкырып чыгып жаткандары бар», — деди мамлекет башчысы журналисттерди чындап «ичип-жегендердин бетин ачууга» үндөп.

Президент кээде «популисттер иликтегичмин деп эле бирөөгө адилетсиз көө жаап жатышканын» дагы белгиледи. Андан соң Жапаров энергосектордогу коррупция тууралуу Али Токтакуновдун «МедиаХабы» жасаган иликтөөнү мисал келтирди.

«Прокуратура үч ай мурун эле иликтеп, жокко чыгарган же “списать” эткен суммаларды төлөтүп жаткан иш. Бул ишти, эсиңиздерде болсо, алты ай мурда эле коопсуздук кеңешинде прокуратурага берип, акчасын кайтаргыла дебедим беле. Бул иш боюнча прокуратура бүгүн дагы иштеп жатат», — деп белгиледи Жапаров.

ЖМКга карата басым, коркутуу жана аңдуу

Акыркы жылдары журналисттер ишмердүүлүгүнө байланыштуу тоскоолдуктарга, кысымга жана иш учурундагы күч колдонууларга байма-бай кабыла баштады. Муну «Клооптун» талдоосу бышыктап турат.

Журналисттерди кемсинтип, коркутуп, аппараттарын талкалап, унааларын өрттөп, кеңселерин тоноп кетишет. Аларды арматура менен башка чаап, муунтуп, жерге жыгып сүйрөшөт. Кол салуудардын дээрлик барыгы жумуш учурунда же алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу болот.

Журналисттер бийликтин да, жөнөкөй жарандардын да зомбулугу менен моралдык кысымына кабылат — бул окуялардын дээрлик жарымына мамлекеттин өкүлдөрү жоопкерчиликтүү.

Бирок Садыр Жапаров Кыргызстанда ЖМК өкүлдөрүнө эч кандай басым-кысым көрсөтүлгөн жок деп айтып ишендирүүдө.

Ошол эле учурда, президент өзүнө карата айтылган «сынды» көтөрө албайт. Жапаров 2020-жылы бийликке келгенден бери журналисттерди сындап келет. Мисалы, 2020-жылдын ноябрында «Азаттыктын» журналисти Жапаровдун тарапташтыры басым жасап жатканын билдирген. Буга президент журналисттер өздөрү күнөөлүү, фактыларды «бурмалабаш» керек деп жооп берген.

Жакында эле иликтөөчү журналист Болот Темировго карата козголгон кылмыш иштери дагы өлкөдө журналист болуу кооптуу экенин тастыктап турат. Темировго карата үч кылмыш иштин экөөсү февралда козголгон. Ал иштер менен Темировду Temirov LIVE’дын журналисттери УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас тууралуу иликтөө чыгаргандан кийин тааныштырышкан. Иликтөөдө Тай-Мурас Ташиевге таандык делген «Мока Групп» компаниясы Жалал-Абадда бензин менен камсыздоого байланышкан тендерлерди ута баштаганы айтылган.

Темиров 20-апрелде милиция ага карата «Документти жасалмалоо», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери менен кылмыш иши козгогонун билдирген. Буга чейин иликтөөчү-журналистке «Баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин ал «Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» беренесине алмаштырылган.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн куугунттук кылууда деп атаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Тема боюнча:

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат

Кыргызстанда журналисттерге кол салышат, куугунтукташат жана соттошот. «Клооптун» дата-анализи