Иликтөөчү Болот Темиров өзүнө үч кылмыш иши козголгонун билдирди

Иликтөөчү-журналист Болот Темировго үч кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал 20-апрелде Фейсбук барагында билдирди.

Темировдун айтымында, ага каршы кылмыш иштери Temirov LIVE командасы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас тууралуу иликтөө чыгаргандан кийин козголгон. Иликтөөдө Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы үстүбүздөгү жылдын 31-январында Мамлекеттик сатып алуулар сайтына катталып, Жалал-Абаддагы тендерлерди утуп баштаганы айтылган.

«Кечээ биз Ташиевдердин уулдары жөнүндө, алардын мамлекеттик тендерлердеги биринчи жеңиштерин айтып иликтөө чыгарганбыз. Алардан [бийликтен] жооп көпкө күттүргөн жок. Бүгүн [20-апрелде] мени [Бишкек] ШИИБге чакырып, мага карата дагы үч кылмыш иши менен тааныштырышты. Болгондо да үчүнчү кылмыш ишин бүгүн саат 11де ачышыптыр», — деп жазды журналист.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн куугунттук кылууда деп атады.

«Мен жана менин командам иликтөөлөрүбүздү улантабыз. Бир досум “Демократия караңгыда өлөт” (“Вашингтон пост” гезитинин слоганы) деп айтты. Эч нерсеге карабай жарык чачканды улантабыз! Баарыңарга, колдооңор үчүн рахмат!» — деп кошумчалады Темиров.

Азырынча журналистке үч кылмыш иши кайсыл беренелер боюнча козголгону белгисиз. Буга чейин Темировго «Сатуу максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча козголгон.

Темировго карата иш Temirov LIVE’дын кеңсеси спецназдын катышуусу менен тинтүүгө алынгандан кийин ачылган. Тинтүү маалында Темировдун арткы чөнтөгүнөн күч органдары баңгизат деп аташкан белгисиз бир затты алып чыгышкан. Темиров ага баңгизат салып коюшкан деп ишендирүүдө. Кандан жана заарадан алынган экспертиза иликтөөчү-журналисттин организиминен баңгизатты көрсөткөн эмес.

Темиров өзүнө козголгон биринчи кылмыш ишти «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясы өндүргөн мазутту экспорт кылуудагы күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөнүн чыгышы менен байланыштырып жатат. Журналисттер бул схемаларга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандарынын, атап айтканда, инилери Шайырбек жана Казыбек Ташиевдердин тиешеси бар экенин аныкташкан.

Тема боюнча: Temirov Live: Тай-Мурас Ташиевдин күйүүчү май саткан компаниясы тендерлерди утуп баштады

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты