Алина Печенкинанын Kloop үчүн иллюстрациясы

Болот Темировдун УКМКнын төрагасынын жээни тууралуу иликтөөсү чыккандан кийин дароо кармалышы — репортёрлорду сабоо, коркутуу жана кол салуулардын мыйзам ченемдүү уландысы болду. «Клооп» акыркы беш жылдагы маалыматтарды талдап, Кыргызстанда журналисттерге кол салуу жана кысым үчүн дээрлик эч ким жазага тартылбасын аныктады.

2018-жылы жайкы күндөрдүн биринде Бишкектеги Beta Stores супермаркетинин кардарлары кызыктай окуяга күбө болушкан. Дүкөндүн эки кызматкери сатып алуучунун биринин колун кайрып, ал киши бошонууга аракет кылып, «камера кайда? кана камерам?» деп кыйкырган. Ошол эле учурда бир нече метр аралыкта дүкөндүн дагы төрт кызматкери анын шеригинин колундагы видеокамераны тартып алып жатышкан.

Алар кыраакы кызматкерлер кармап алды делген уурулар эмес эле. Алар дүкөндүн текчелериндеги мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү тартып жүргөн журналисттер болчу. Репортёрлордун техникасы милиция келгенден кийин кайтарылган.

Бул окуя акыркысы эмес. Беш жарым жыл ичинде — 2015-жылдын январынан тартып 2021-жылдын июлуна чейин прокуратуранын маалыматы боюнча, журналисттерге карата мыйзамсыз аракеттердин 42 учуру катталган. Бүгүнкү күнү алардын бешөө гана сотко жетип, 28и тергөө кылмыштын курамын таппагандыктан кыскартылган.

Бирок баары эле укук коргоо органдарынын статистикасына түшө бербейт. «Клооптун» дата-бөлүмү журналисттерге кол салуу, кысым көрсөтүү, коркутуу жана журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылууга байланыштуу маалыматтар түрмөгүн чогултуп, бери эле дегенде мындай 75 окуя болгонун аныктады.

Журналисттерди кемсинтип, коркутуп, аппараттарын талкалап, унааларын өрттөп, кеңселерин тоноп кетишет. Аларды арматура менен башка чаап, муунтуп, жерге жыгып сүйрөшөт. Кол салуудардын дээрлик барыгы жумуш учурунда же алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу болот.

Журналисттер бийликтин да, жөнөкөй жарандардын да зомбулугу менен моралдык кысымына кабылат — бул окуялардын дээрлик жарымына мамлекеттин өкүлдөрү жоопкерчиликтүү.

Саясатчынын миллиондук аброю

Бийлик өкүлдөрү ЖМКларга карата кысым көрсөтүү үчүн көп учурда сотко арыз жазышат. Антикоррупциялык макалалардын каармандары сотто миллиондогон кенемте талап кылып, редакцияларды кыйратууга аракет кылышат.

Кызматтык рангы төмөн болгон чиновниктер да сот рычагын колдонушат. Алсак, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов 2015-жылы «Вечерний Бишкек» медиахолдингине караштуу «Кабар Ордо» сайтын сотко берген. Аталган сайт оппозициячыл Уран Ботобековдун маегин чыгарган, макалада Ботобеков Илмияновду коррупция жана мафия менен байланышы бар деп айыптаган.

Илмиянов Алмазбек Атамбаевге жакын болчу: 2009-жылга чейин ал чиновниктин жеке айдоочусу, кийин Атамбаев президенттик тактыга келгенде алгач кеңешчиси, андан соң президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болгон.

Илмиянов 2018-жылы бажычы Райым Матраимов менен байланышы бар делген «Ихлас» компаниясына тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат үчүн башка басылмаларды сотко берерин айтып коркутуп, бирок үлгүрбөй калган. Ал кылмыш ишинин фигурантына айланып, шайлоо учурунда «демөөрчүлүк жардам» деп мыйзамсыз 150 миң доллар алганы үчүн реалдуу абак мөөнөтүнө кесилген.

Ал эми «Кабар Ордо» басылмасына каршы соттук иш Илмияновдун жеңиши менен аяктаган. 2019-жылы райондук сот журналисттерден моралдык зыянды калыбына келтирүү үчүн Илмияновго 1,8 млн сом төлөп берүүнү жана анын кадыр-баркын түшүргөн маалыматтарды төгүндөөнү талап кылган. Төгүндөө материалы «Вечерний Бишкек» басылмасында жарык көргөн.

Салыштыруу үчүн: 2021-жылы, 10 жылга созулган соттошуудан кийин кыргыз соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин таасири алдында милициянын кыйноосунан жапа чеккен Улан Назаралиевдин моралдык жана материалдык зыянды калыбына келтирүү жөнүндө доосун канааттандырган. Бирок мамлекет Назаралиевге талап кылынган 3 миллиондун ордуна 50 миң сом гана төлөп берген. Сот Назаралиевди кыйнаган милиционерлерди жазага тартуудан баш тартып, алар катуу эскертүү менен гана кутулуп кеткен.

Кыргызстандан кеминде 700 млн доллар чыгарып кетүүгө жол берген кылмыштуу схеманы уюштурган бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов да ага карата иликтөөлөрдү чыгарган маалымат каражаттарын сотко берген. Ал журналисттерден 60 млн сом кенемте талап кылган, бирок сот аны коррупция боюнча күнөөлүү деп тапкандан кийин дооматынан баш тарткан.

Акыркы беш жылда өлкөдө ири аткаминерлер журналисттер менен соттошкон эң аз дегенде 10 учур белгилүү. Журналисттерди ал тургай президенттер Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков сотко берген. Атамбаев журналисттерди көп сындачу.

Ал эми 2016-жылы Атамбаев аны коррупцияга айыптаган бир катар материалдар үчүн «Заноза» сайты менен соттошкон. Жээнбеков болсо 24.kg маалымат агенттиги менен соттошкон. 24kg’нин материалында Сооронбай Жээнбеков жана иниси Асылбек Жээнбековдун радикалдык араб уюмдары менен байланышы айтылган.

Сот Атамбаевдин жеңиши менен аяктап, «Заноза» сайты жабылган. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин басылмадан талап кылган 30 млн сомдук доосунан баш тарткан. Мураскору Жээнбеков да соттук териштирүү учурунда 24.kg’ге карата дооматынан баш тарткан.

Бийликтин «төртүнчү бийликке» карата күрөшү

Акыркы жылдары журналисттер ишмердүүлүгүнө байланыштуу тоскоолдуктарга, кысымга жана иш учурундагы күч колдонууларга байма-бай кабыла баштады. Окуялардын дээрлик жарымында коркутуулар мамлекеттик кызматкерлер жана укук коргоо кызматкерлери тарабынан болгон.

2021-жылдын январындагы президенттик шайлоодо милиция жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү көзкарандысыз басылмалардын кабарчыларына шайлоо участкаларына кирүүгө жана видеого тартууга тыюу салып, техникаларын тартып алып, аларды кармап, милиция бөлүмдөрүнө алып барышкан. Ушундай эле көрүнүштөр башка шайлоо кампанияларында да катталган.

2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо учурунда Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин биринде белгисиз кишилер «Клооптун» оператору Хамидулло Узаковго жана кабарчысы Айбике Адилет кызына кол салышкан.

Кийинчерээк «Клооптун» журналисттери аларга кол салган кишилер «Ош-Тазалык» мамлекеттик ишканасынын кызматкери Достук Жолдошов жана Ош эл аралык аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов экенин аныкташкан. Окуя болгон күнү кол салгандар «Биримдик» саясий партиясынын өкүлдөрү катары шайлоо участкасында жүрүшкөн — буга алардын биринин төшүндөгү бейджик далил боло алган.

Бирок журналисттер чогулткан далилдер милицияны ынандырган эмес — жабыркагандардын арызы боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүш токтотулган.

Бажы төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун иши боюнча соттук отурумга журналисттер эки жолу киргизилген эмес. Бир жолкусунда соттун кызматкерлери журналисттерди алдап залдан чыгарып, бекинип алышкан.

Кээде милиция кылмышка тете аракетсиздигин көрсөтөт, бул алардын зомбулукка тиешеси барбы деген күмөнгө түртөт. 2021-жылдын 6-августунда журналист Улукбек Карыбек уулу Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, жергиликтүү тургундарды минкабдын ошол кездеги төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушууга даярдап жатышканына күбө болгон.

Чиновник аймакка селден жабыркаган үй-бүлөлөр менен баарлашуу үчүн барган, бирок жолугушуу башталар алдында Мариповдун адамдары чогулган элге келип, ким кайсыл суроону бериши керектигин айта башташкан. Буга күбө болгон Карыбек уулу бийлик элдин үнүн угушу керек деп нааразы болгон, андан кийин ага жарандык кийимчен үч киши келип, кетип калууну сунушташкан. Журналист сунушка көнбөй койгондо аны күч менен унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Журналистти алып кеткендерди жакында милиция кызматкерлеринин турганы да токтото алган эмес.

«Унаа жок жерден айдап, анан бычак менен психологиялык басым кылып коркутту. “Тынч жүрбөйт экенсиң сен” дегендей бир топ көчө сөздөрү менен сөгүнүп, психологиялык басым жасап, коркутуп алып келе жатышкан», — деп айтып берген кийинчерек журналист.

Журналист алар Каракол шаарына келип токтогондо айдоочуну түртүп, унаадан качып чыккан. Алар Улукбекти кайра кармоого аракет кылышкан, бирок таксисттер ага качып кетүүгө жана уурдагандарды, алардын номери жок унаасын видеого тартып алууга жардам беришкен. Кийин Карыбек уулу уурдагандар милиция кызматкерлери экенин болжоп, ал түгүл алардын бирөөсүн тааныган. Журналист арыз жазып, бирок уурдагандар табылган эмес. Ал эми облустук милиция адам уурдоого өз кызматкерлери аралашканын четке каккан.

2020-жылы Бишкектеги башаламандык учурунда «Настоящее Времянын» журналисти Айбол Кожомуратовго спецназ тарабынан ок атылган. Бул эпизод видеого тартылып калган.

«Спецназчы мен жарыкты чагылдырган жилет кийип жүргөнүмдү, көрүнүүктүү, жарык жерде туруп видеого тартып жатканымды көргөн. Бирок эмнегедир мага атайылап мээлеп туруп ок чыгарды. Чачым менен башымдын үстүнөн бир нерсе учуп өткөнүн сездим. Дагы миллиметр болгондо башыма тиймек», — деп жазган Кожомуратов твиттер барагында.

Милиция бийликке тиешелүү иш болгондо күжүрмөн

Эгер журналист митингди эмес, бийликтин эл менен расмий жолугушуусун чагылдырган болсо, анда кол салуудан коргонуп, өзүн капа кылган кишини жазалоого мүмкүнчүлүгү бар. Бирок дайыма эле эмес.

2021-жылдын апрелинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы жерди алмашуу маселеси боюнча жергиликтүү калк менен жолугушуусунда жергиликтүүлөр Ташиев менен байланышы бар делген «Регион ТВ» телеканалынын журналистин кууп чыгышкан. Анда жергиликтүүлөр кабарчыны «телеканал туура эмес маалыматтарды таратат» деп айыпташкан.

Бул боюнча милиция кылмыш ишин козгогон. Анда 20 киши суракка алынып, профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин иш жабылган, себеби журналист кол салгандарга карата доо койгон эмес.

«Sputnik Кыргызстан» сайтынын журналистти Зульфия Тургунова дагы Ташиевдин Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушуусунда коркунучтуу окуяга кабылган. Тургунова 2021-жылдын 30-апрелинде кыргы-тажик чек арадасындагы жаңжалды чагылдырып жүргөн. Кабарчы чогулгандардын жанына барганда бир нече киши аны түртүп, жерге жыгып, тизелеген бойдон четти көздөй сүйрөп кетишкен. Ал жерде Ташиев, анын жансакчылары жана Баткен облусунун мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиев жүргөн.

Бири дагы журналистти коргогон эмес.

Журналисттер үчүн да акыйкаттык кол жеткис

Мындай окуялардын үчтөн экисинде жабырлануучулар укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан же журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук фактысы боюнча иш козголгон. Бирок ар бир төртүнчү учурда гана милиция кол салагандарды таба алган. Ошол эле учурда инциденттердин 70%ы коркунуч жараткан кишилерди таанып калуу үчүн фото жана видеого тартылып алынган.

Акыркы беш жылда бир гана иш чыныгы өкүм чыгуу менен аяктаган, бирок кылмышкер жазадан кутулуп кеткен.

2020-жылдын 9-январында Бишкектин борборундагы кеңсесинен иликтөөчү журналист Болот Темировго үч киши кол салган. Аны жерге жыгып, тепкиге алышкан. Шектүүлөр эч кандай талап койгон эмес, унчукпай ур-токмокко алып, андан соң көздөн кайым болушкан. Кол салгандар журналисттин акчасына жана ноутбугуна тийишишкен эмес, демек окуя тоноо катары кабыл алынган эмес. Темиров муну кесиптик ишмердиги менен байланыштырган: буга чейин ал жооптуу чиновниктерге тиешелүү бир нече антикоррупциялык иликтөөнү жарыялаган болчу.

Кол салуу болгон убактан өкүм чыкканга чейин бир жылдан ашып калды. Иш боюнча төрт адам өтүп жаткан. Алгач бирөөнүн тапшырмасын аткарышканын моюндашкан, кийинчерээк баштапкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартышкан. Сот кол салгандардын ар бирин 2,5 жылга кесип, ар бирине 50 миң сомдон айып салган. Бирок алар бир жылга жакын тергөө абагында отуруп, мынапыс менен жазадан бошотулган.

Алина Печенкинанын Kloop үчүн иллюстрациясы

«Журналисттерге кысым көрсөткөн жокпуз»

«Азыр канчасы, саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле митингге чыгып жатат, бирок эч кимин куугунтуктаган жокпуз. Журналисттерге кысым кылган жокпуз», — деген 2021-жылдын мартында жаңы шайланган президент Садыр Жапаров.

Ал эми июль айында Садыр Жапаровдун эң жакын үзөңгүлөшү, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында «азыр өлкө башчыны жана башка кызматтагы адамдарды айыптап, жалаа жаап жаткан интернетте отургандардын бардыгы качандыр бир күнү жоопко тартылат» деп билдирген.

Ташиев өлкө ичинде гана эмес, сыртта жүргөн оппозицияны дагы каттоого алып жатканын жашырган эмес.

«Азыр өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү ар бириңер жазылып, ар бириңерди каттоого алып жатабыз. Ошондой эле азыр чет өлкөдөгүлөрдү бул жака алып келүү боюнча башка өлкөлөр менен келишим түзүлүп жатат», — деп кошумчалаган ал.

Арадан жарым жыл өткөндөн соң бийлик сөздөн ишке өттү. 2022-жылы 22-январы күнү кечинде, Ташиевдин жээни жөнүндө иликтөө чыккан күндүн эртеси, «Temirov Live’дын» редакциясынын кеңсесине укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери бастырып кирген. Алар журналисттерге жерге жаткызып, кеңседеги бардык санарип техниканы алып кетишкен.

Тинтүү учурунда укук коргоо органдын кызматкерлери иликтөөчү-журналист Болот Темировдун джинсы шымынын арткы чөнтөгүнөн түйүнчөк баштыкты алып чыгып, баңгизат экенин айтышкан. Темиров өзү баңгизатты салып коюшканын айткан.

Эртеси күнү милиция «Темиров Live» командасынын иликтөөлөрүн кыргыз тилинде төкмөлүккө салып айтып берген акын Болот Назаровду кармаган. Анын да жанынан полиэтилен баштыктагы гашиш табылганын билдиришкен. Назаров да баңгизатты салып коюшканын айткан.

Иликтөөчү-журналист менен төкмө акындын ысымынын окшоштугу укук коргоо орган кызматкерлери үчүн пайдалуу болгон. Экөөнү тең белгисиз кыздын «Болот деген бирөө баңгизат колдонууга ыктаган» деген арызына таянып кармашкан.

22-январь, Болот Темировду кармоо. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop

Журналисттер жана жарандык активисттер Темиров менен Назаровду коргоп, өлкө боюнча сөз эркиндигин колдоо митингдери өткөн. Ошол эле маалда социалдык тармактагы бийликке караштуу барактарда «Темиров Live’дын» кызматкерлерин дискредитациялоого үндөгөн видеолор жарыяланган. Аталган видеолордо аңдуунун, тыңшоонун жана конфискацияланган компьютерлерден алынган материалдар колдонулган.

OCCRP, Kloop жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун журналисттери «Темиров Live» командасынын артынан бир нече ай бою аңдуу жүргөнү тууралуу иликтөөсүн жарыялашкан. Болот Темировдун кеңсесинин жанында шектүү автоунаалар пайда болгон. Болот Темировдун ижарага алып жашаган батиринде жашыруун камера жана микрофон табылган, ал эми редакциянын кызматкерлеринин бири чагымчылдык жана сексуалдык коркутуунун (шантаж) курмандыгына айланган.

Редакциянын шантажга кабылган кызматкери спорт залдан бир жигит менен таанышат, экөө узак сүйлөшүп, мамилелери ишенимдүү деңгээлге жеткенде жигит экөөнүн интимдик жашоосун жашыруун түрдө видеого тартып алат. Ал видеону кылмышкерлер кызга көрсөтүп, Темиров даярдап жаткан иликтөөлөр тууралуу айтып берүүнү, болбосо видео ата-энесине жөнөтүлөрүн айтып коркутушкан. Кыз ага көнбөй койгондон кийин видео соцтармактарга чыгып кеткен.

Ал эми конфискацияланган компьютерлерден алынган маалыматтар укук коргоо органандарына гана жеткиликтүү болгону менен УКМК жана ИИМ Темировго жана анын командасына карата чагымчылдыктарга тиешеси жоктугун айтууда.


Ал арада өлкөдө ЖМКларга карата басым күчөп жатат. 9-февралда Бишкекте бийликтен көз карандысыз «Азаттык», «Клооп» жана «Кактус» басылмаларын «чет элдик тыңчы» деп таануу талабы айтылган кезектеги митинг өткөн. Кыргызстанда «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам жок болсо да парламенттин спикери 2016-жылдан бери чаң басып жаткан мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

Мындай документти кабыл алуу эмне алып келерин коңшу Орусиянын мисалында көрүүгө болот. Ал жакта мамлекет көңүл бургусу келбеген маселелердин үстүнөн иштеген бардык коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик агент» деп таанылган.

Үй-бүлөлүк зомбулук, камактагылардын укугу, жетим балдардын көйгөйлөрү — бейөкмөт уюмдары алпурушкан тема, бул темалар орус бийлигин кызыктырбайт. Ал тургай Орусияда бир топ жыл мурда чет өлкөгө кетип, ал жактын жарандыгын алган бир тууганың 10 доллар которсо эле «чет элдик агент» деп таанылып калышың мүмкүн.

Орусияда чет элдик агент катары таанылган уюмдар жана адамдар квартал сайын отчёт берип, кандай гана материал жарыялабасын (ал тургай, социлдык тармактагы комментарийлерди да) түшүнүүгө өтө оор концелярдык аннотациялар менен белгилеши керек, ал эми бул эрежелерди аткарбоо 50 миң рублга жеткен штрафка же кылмыш ишине алып келиши мүмкүн.

Автору: Саадат Төлөгөнова

Редактору: Екатерина Резникова