Жапаров: Башаламандык кылам деген ниети бузуктарды аёосуз жазага тартабыз

Президент Садыр Жапаров башаламандык уюштурууну ниет кылган «ниети бузукулар» аёосуз жазаланат деп билдирди.

«Аларга кийин “элдин уулу эле, боштондук” деп кыйкырып чыкпагыла», — деди президент «Кабар» агенттигине курган маегинде.

Журналист Жапаровдон азыркы бийликти кулатуу ниетин билдирип жаткан оппозициялык бирикмелердин билдирүүлөрүнө көз карашы кандай экенин сурады.

«Митингдерге каршы эмесмин. Чыга беришсин. Бирок мени кулатабыз дегендей, мен ичип-жеп, бир туугандарымды министр, губернатор кылып алган болсом же жакындарым мамлекеттик иштерге аралашып бийлеп алган болсо, анда мени кулатабыз дешсе жарашат эле», — деп жооп берди президент.

Ошондой эле ал өзүн элдин 80%ы колдоп жатканын, «бул пайыз президенттик мөөнөтүндө көбөйбөсө, азайбайт» деп кошумчалады.

Жапаровдун туугандары

Буга чейин Temirov Live’дын журналисттери 2022-жылдын мартында президент кудасы Алмазбек Акматовду Эсептөө палатасынын төрагасы кылып дайындаганын аныкташкан.

Temirov Live’дын журналисттери президенттин башка кудалары тууралуу да иликтөө чыгарышкан. Алар: Таштанбек Каймазаров, Айдар Адылбеков жана Турусбек Түмөнбаев.

2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин Жапаров Каймазаровду Мамлекеттик миграция кызматынын директору, Айдар Адылбековду «Чыгышэлектронун» башчысынын орун басары кылып дайындаган. Ал эми Турусбек Түмөнбаев «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору болгон. Журналисттер Түмөнбаевдин коррупциялык иштери тууралуу иликтөөсү чыккандан кийин ал кызматтан алынып, бирок жоопко тартылган эмес.

Түмөнбаев менен туугандык байланышы бар экенин президент өзү да 2021-жылдын октябрдагы маалымат жыйында тастыктаган. Анда ал Түмөнбаевди «ал боюнча туура эмес түшүнүүлөр болбошу үчүн жөн гана» бошотконун билдирген.

Тема боюнча: Бекешев: Президенттин уулунун шайлоо алдында депутаттар менен жолукканы туура эмес

Президенттин кудасы жетектеген «Унаа» ишканасынын 527 млн сомдук тендери текшерилип жатат

Садыр Жапаровдун кудасы Мамлекеттик миграция кызматын жетектейт — Factcheck

Жапаров кудаларын «туруктуулукту сакташ үчүн» кызматка койгонун айтты