Президенттин кудасы жетектеген «Унаа» ишканасынын 527 млн сомдук тендери текшерилип жатат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Унаа» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү текшерилип жатканын билдирди. Аталган мекемени президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жетектейт.

Текшерүү «Унаа» ишканасы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоого 527 млн сомдук тендер жарыялап, аны 518 млн сомго «Гознак» компаниясы утуп алгандан кийин башталган. Мариповдун айтымында, текшерүү Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп, тендер жокко чыгарылган.

«Министрлер кабинети атайын иликтөө жүргүзүп, тендердин жыйынтыгын ошол замат токтоттук. Анткени токтотпосок жыйынтыгында баарыбыз транспорттук каражаттардын алып аткан атайын күбөлүктүн баасы эки эсеге кымбаттап кетмек — ошондуктан токтотконбуз. Президенттин тапшырмасы боюнча иликтөө буга чейин да жүрүп келди, Кудай буюрса 13-сентябрда жыйынтыгы чыкмакчы», — деди Марипов.

Temirov Live’дын иликтөөсү

11-сентябрда, Temirov Live ютуб-каналынын журналисти Актилек Капаров «Унаа» жарыялаган тендерди утуп алган «Гознак» компаниясы мекеменин жетекчиси Турусбек Түмөнбаев менен байланышы бар болгонун аныктаган.

Журналисттер мамлекеттин үлүшү бар «Гознак» компаниясы өзү жарыялаган 32 тендерди «Иштиктүү стратегия» компаниясы утуп алганын ачыктаган. Аталган компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири 21 жаштагы Айгерим Тогузбаева — ал Түмөнбаевдин кызы.

Айгерим Тогузбаева

Мындан сырткары, Temirov Live сегиз компанияны камтыган «Континент» бирикмесинин ичинде тендерди уткан «Гознак» жана Түмөнбаев негиздөөчүлөрдүн бири болгон «Континет Плюс» компаниялары бар. Кызыгы, Түмөнбаевден сырткары «Континент Плюстун» негиздөөчүлөрү Олег Подобедов жана Наталья Давиденко — алар «Гознактын» да негиздөөчүлөрү катары көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, журналисттер Түмөнбаевдин кызына таандык «Иштиктүү стратегия» жана «Континет Плюстун» дареги бир жерде болгонун ачыкташкан.

Журналист Капаров бул жерде «кызыкчылыктардын кагылышуу фактысы ачыктан ачык көрүнүп турганын» айтып, аталган тендер 1-сентябрда жокко чыгарылганын белгиледи. Буга «Унаа» менен «Гознактын» ортосундагы «пикир келишпестиктер» себеп болгон.

Ал эми тендердик комиссия «техникалык талаптарды кайра карап чыгуу менен» тендерди кайрадан жарыялоону чечти.

«Түмөнбаев “Унаанын” башчысы катары кызматка киришээри менен жумушту кызыкчылыктардын кагылышын токтотуу менен башташы керек эле. Бирок ал андай кылган эмес. Тескерисинче — аны менен байланышы бар компания ал жетектеген мамлекеттик ишкананын жарым миллиард сомдук тендерин утуп алган. Ооба, тендер жакында эле жокко чыгарылган, бирок экинчи жолу жарыяланган тендерди кайра эле “Гознак” жеңип чыгат деп эч ким кепилдик бере албайт, анткени ал президенттин кудасы. Эч ким ага эч нерсе дей албайт. Же дей алабы?» — деп суроо салат Актилек Капаров.