Жапаров кудаларын «туруктуулукту сакташ үчүн» кызматка койгонун айтты

Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны, 12-ноябрь, 2020-жыл

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 6-октябардагы баш аламандыктан кийин эки кудасы кантип бийликке келип калганын түшүндүрдү. Ал үгүт иштери менен Талас облусуна барганда бул суроого жооп берди.

Жапаров 5-октябрда өлкөдөгү кырдаал 2010-жылдагыдан дагы катуу болуп кетиши мүмкүн болгонун айтып, бирок ага жол бербей абалды колго алганын белгиледи. Анын айтымында, ошол күндөрү бийлик таптакыр жок болуп калгандыктан «Эмне кылыш керек?» деген суроо туулган.

«2010-жылдагыдай мародерчулуктун алдын алыш керек эле. Байлардын үйүнө барып тоноп, өздөрүн барымтага алып, үй-бүлөсүнөн ири суммадагы акча алып анан коё берген учурлар болгон. Өлүм житимдер болгон, банктардан акчаларды чыгарып кетишкен. Ошондой болбосун деп тез арада күнү-түнү дебей көз алдымдагы колума тийген кадрлардын барын алмаштырдым. Биринчи «лицолорду» алмаштырдым. Ошондо эки кудам эки жерге туруп калды. Мен муну жашырбайм, мойнума алам», — деди ал.

Жапаров 20-30 кишини алмаштыруу менен өлкөдө туруктуулукту сактап калганын, ошол жаңы келген кадрлар күнү-түнү иштеп ага жардам бергенине токтолду.

Анткен менен ал эгер президент болуп калса, министрлерден тартып акимдерге чейин бардык кызмат орундары конкурстук негизде тандаларын билдирди.

«Иштей ала турган кишилерди алып келебиз. Биз куда-сөөк, бир тууган деп бийликке койбошубуз керек. Муну мен башынан эле айтып келе жатам жана ага каршымын. Бул эми ошондой учурда [6-октябрдагы окуялардан кийин] болуп калган нерсе [кудаларынын бийликке келиши] болду», — деди ал.

Жапаров ошондой, ал президенттин милдетин аткарып турганда бийликке келген бир кудасын «өмүр бою мага оппозиция» болгон деп сыпаттап, «Ата Мекен» партиясы үчүн иштеп келгенине токтолду. Бирок кызматка дайындап жатканда анысына карабай, «иш билгилигине карап» дайындаганын айтты.

Буга чейин Factcheck.kg порталы Садыр Жапаровдун эки кудасы ал президенттин милдетин аткарып турганда мамлекеттик кызматтарга дайындалганын жазган. Атап айтканда «Унаа» мамлекеттик ишканасына Турусбек Түмөнбаев келсе, Миграция иштери боюнча мамлекеттик кызматтын башчылыгына Таштанбек Каймазаров барган.

Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууганы Акат Жапарованын, ал эми Таштанбек Каймазаров эжеси Райкүл Жапарованын кудасы экенин аталган портал билдирген.

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда өлкө башчынын милдеттерин өткөрүп берип, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын токтоткон.

Учурда президенттикке 18 талапкер ат салышат. Алгач мамлекет башчы болом деп БШКга арыз менен кайрылгандардын саны 63кө жеткен.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.