Садыр Жапаровдун кудасы Мамлекеттик миграция кызматын жетектейт — Factcheck

Маалыматтардын чын-төгүнүн текшерген «Factcheck» басылмасы Садыр Жапаров президенттин м.а. жана премьер-миистрлик кызматтарынан кете электе Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилигине кудасы Таштанбек Каймазаровду дайындаганы тууралуу социалдык тармактарда талкууга алынып жаткан маалыматты текшерди.

Иликтөөдө белгилегендей, Каймазаров Садыр Жапаровдун кудасы болот. Анын бир тууган жээни Айгерим Канатбекова [кылмыштуу байлыгын адалдоо жана алдамчылык, кызмат абалынан кыянат пайдалануу кылмыштары үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган Райкүл Жапарованын кызы] — Санжар Каймазаровдун аялы. Санжар Каймазаров — Миграция мамлекеттик кызматынын жетекчисинин уулу.

Ошондой эле фактчекерлер БШКнын маалыматына таянып, Таштанбек Каймазаров парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан катышканын белгилешкен. Бул партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын жолдошу Курманов Канатбек Бейшеевич жана агасынын уулу Жапаров Азат Сабырович бар.

Андан тышкары, «Фактчектин» журналисттери бийлик алмашкандан кийин мамкызматтардын жетекчилигине дайындалган жаңы кадрлардын арасында Садыр Жапаровдун дагы бир кудасы бар экенин аныкташкан.

Жакында эле Жапаров МККга караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчылыгына дайындаган Турусбек Түмөнбаев — Жапаровдун эжеси Акат Жапарованын күйөөсүнүн бир тууганы. Түмөнбаев да, Каймазаров да Жапаров менен тууганчылыгын төгүндөшкөн эмес.