Бекешев: Президенттин уулунун шайлоо алдында депутаттар менен жолукканы туура эмес

Депутат Дастан Бекешев телеграм-каналында парламент депутаттыгына талапкерлер Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында биригүү тууралуу сүйлөшүү үчүн жолугушууларды өткөрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, ушундай эле жолугушууларды талапкерлерден тышкары президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам дагы өткөрүп жатат.

«Мыкты, сонун бала. Бирок атасына терс таасирин тийгизип алышы мүмкүн. Бул өкүнүчтүү болот. Анткени бизде мурдагы президенттер ушундай иштер менен алек болгону тууралуу мисалдар бар. Президент өзү эске алат деп ишенем. Бул өлкөгө дагы, анын үй-бүлөсүнө дагы аброй алып келбейт», — деген Бекешев.

Парламентарий бул маселе коомчулукта «баары бир» көтөрүлөрүн кошумчалады.

«Үй-бүлөлүк кеңешмеде алар туура чечим кабыл алып, баласына саясий платформа түзүүгө тыюу салат деген ойдомун. Анын тизмеге кирери күмөн, бирок уюштурууга аракет кылып жатат, бул тууралуу көпчүлүк талапкерлер айтып жатышат», — деди депутат.

Парламенттик шайлоо — 2021

Президент Садыр Жапаров 29 августта жарлыкка кол коюп, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн 2021-жылдын 28-ноябрына бекиткен.

Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Анын ичинде ар бир төртүнчү мандат гана аялдарга берилет.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасынын негизинде өтөт.

Анда 54 депутат партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келет.