Акыйкатчы: Милиция Болот Темиров боюнча күнөөсүздүк презумпциясын эске алган жок

Акыйкатчы Атыр Абрахматова журналист Болот Темировго карата кылмыш иштери тууралуу Бишкек ШИИББден дагы деле расмий жооп күтүп жатат. Бул тууралуу акыйкатчы Фейсбук барагында билдирди.

Анын айтымында, бул аралыкта Ички иштер министрлигинин кызмат адамдары «күнөөсүздүк презумпциясын эске албай», тергөөнүн чоо-жайын коомчулукка ачык жарыялашкан.

«Ачык булактардагы маалыматтарды талдап, Болот жана анын жактоочусу менен сүйлөшкөндөн кийин, эмне үчүн укук коргоо кызматкерлери кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш ишин токтотуу жөнүндө ченемди колдонбогону түшүнүксүз, анын үстүнө мен билгендей мындай өтүнүч менен Темировдун жактоочулары тергөөгө кайрылышкан», — деп жазды акыйкатчы.

Абрахматова Темировго козголгон кылмыш иштеринин жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү изилдөөгө юридикалык баа бериши керек болгон прокурорлордун кесипкөйлүгүнө ишенерин кошумчалады.

«Мындан тышкары, прокуратура органдары тергөөнүн жүрүшүнө укуктук баа берүү менен, КР ЖПК 167-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын, иштин тараптары аткаруу тууралуу позициясын билдиришет деген ойдомун. Бул беренеде, баардыгыбызга маалым болгондой, кылмыш иши боюнча тергөөдө алынган маалыматтар ачыкталбастыгы кепилденген», — деп жазды ал.

Темировдун иши

Журналист Болот Темировго карата, милициянын маалыматына ылайык, 2022-жылдын январь, март жана апрель айларында үч жаңы кылмыш иштери козголгон.

Темиров өзү бул иштер тууралуу 20-апрелге караган түнү билдирген. Буга чейин журналисттин командамы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулуна байланышкан «Мока Групп» компания Жалал-Абадда бензин сатып алуу боюнча бир нече тендерди утканы тууралуу иликтөө чыгарган.

Журналисттер аталган компания тендерге катышкан жалгыз эле ишкана болгонун белгилешкен.

Темиров, милициянын версиясы боюнча, Орусиянын жараны болуп туруп Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган, ошондой эле эки мамлекеттин чек арасынан мыйзамсыз кесип өткөн жана кыргыз жарандыгын алуу үчүн аскердик билетти жасалмалаган.

Темиров өзүнө карата айыптарды куугунтук деп атап жатат.

Тема боюнча: ИИМ Болот Темировдун документтерин эмне үчүн текшерип баштаганын түшүндүрдү