Президенттин «эксклюзивдүү» интервьюсунан кийин «Кабар» агенттигинин директору алмашты

Кубанычбек Таабалдиев жана Медербек Шерметалиев.

Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев 26-апрелде кызматтан бошотулду. Анын ордуна Медербек Шерметалиев дайындалды.

Президент Садыр Жапаров Таабалдиевди кызматтан мамлекеттик агенттикке «эксклюзивдүү» маеги жарыялангандан эртеси күнү алды. Анда өлкө башчысы жаңы Ак үйдүн курулушу, экс-бажычы Райымбек Матраимов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери тууралуу суроолорго жооп берген.

Президенттин басма сөз кызматынан «Клоопко» кадрдык өзгөрүүлөр кызматка жаштар келиши үчүн орун алды деп ишендиришти.

«Бул чечимдин президенттин интервьюсу менен эч кандай байланышы жок. Маек аябай жогорку денгээлде уюштурулган. Суроолорго эч кандай чектөөлөр коюлган эмес. “Кабарда” директор болуп көп жыл эмгектенгени үчүн Кубанычбек Таабалдиевге ыраазычылык билдирилди», — деп белгилешти президенттин басма сөз кызматынан.

Медербек Шерметалиев 37 жашта. Ал тууралуу ачык булактарда дээрлик маалымат жок. Анын буга чейин мамлекеттик жана жеке телеканалдарда эмгектени гана белгилүү.

Анткен менен акыркы учурда Шерметалиев Фейсбукта президенттин кылган иштери тууралуу байма-бай постторду жарыялап, анын саясатын колдоп келген.

Мисалы, 25-апрелде Шерметалиев «кулаккагыш» деп, Жапаровду белгилеп, жаңы ак үйдүн курулушу тууралуу «Кабарга» курган маегинин үзүндүсүн жарыялаган.

Кубанычбек Таабалдиев 1956-жылы Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында туулган. Ал «Кабар» маалымат агенттигине 1998-жылы директор болуп келип, 2006-жылы иштен кеткен.

2011-жылы Таабалдиев ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын буйругу менен кайрадан агенттиктин директору болуп дайындалган.

Тема боюнча:

«Көрүмө көтөрө кетпейм. Келечек муун үчүн калат». Жапаров жаңы Ак үйдүн курулушу тууралуу

Жапаров: Башаламандык кылам деген ниети бузуктарды аёосуз жазага тартабыз

Садыр Жапаров: Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат

Садыр Жапаров: Байсалов демократияга ыктаган, ал эми Бейшеналиев иштин көзүн билген чиновник