Садыр Жапаров: Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат

Президент Садыр Жапаров бир нече кылмыш иши козголгон журналист Болот Темиров мыйзам алдында «баары менен бирдей» жооп бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Кабар» маалымат агенттиге курган маегинде айтты.

Темировго жаңы үч иш козголгону тууралуу Temirov LIVE’дын иликтөөсү чыккандан кийин билинди. Анда журналисттер Жалал-Абаддагы бензин жеткирүүчү тендерлерди «Мокка Групп» компаниясы утуп алганы тууралуу айтылган. «Мокка Групп» компаниясынын негиздөөчүсү Тай-Мурас Ташиев — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу.

Жапаровдун айтымында, Темировго карата кылмыш иштери үч ай мурда эле козголгон. Жапаров журналист башка бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, ага өзүнүн сүрөтүн чаптап, аты-жөнүн өзгөртүп, андан соң кыргыз паспортун алган.

Жапаров Темиров өзү Орусиянын жараны болгонун, ал эми аскердик билеттин чыныгы ээси табылганын кошумчалады. Аны менен катар, өлкө башчысы Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, журналист эч качан кыргыз армиясында кызмат өтөбөгөнүн билдирди.

«Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? [Темиров] баары менен бирдей жооп берет. Мыйзам президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей», — деди Жапаров.

Өлкө башчысы эгер жарандар укук коргоо органдарына ишенбесе, журналисттер Темировго козголгон кылмыш иштеринин документтерин изилдеп чыга турган өздөрүнүн комиссиясын түзсө болот деди.

«Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бирөөсү гана. Ишенбесеңер журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес», — деди президент.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да Темировго карата козголгон кылмыш иштери тууралуу ушундай эле билдирүү жасаган. Ал дагы Жапаровдой эле журналист аскердик билетти уурдап, паспортун мыйзамсыз алган деген.

Ташиев Темировго козголгон иштер менен өзү таанышып чыкканын, бул кылмыш иштери боюнча Темировдон тышкары, журналистке паспорт берген чиновниктер дагы жоопко тартылышы керек экенин кошумчалады.

Темировго козголгон кылмыш иштери

Милиция иликтөөчү журналист Болот Темировдун үстүнөн төрт кылмыш ишин козгогон. Үч иш боюнча журналист УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин белгилүү болгон.

Темировго карата паспортту мыйзамсыз алуу, аскердик билетин жасалмалоо, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизат даярдоо фактылары менен кылмыш иштери козголгон.

Ички иштер министрлиги 21-апрелде журналисттин иштери бир өндүрүшкө бириктирилгенин, учурда материалдар менен Темиров өзү таанышып жатканын билдирген. Кийин иш сотко өткөрүлөт.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Темиров орус жаранынын паспортуна ээ болуп туруп Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган. Ошондой эки өлкөнүн чек арасынан 50дөн ашуун жолу кесип өткөн.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыктаганы үчүн куугунттук деп атаган. Ал эми журналисттин адвокаттары журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Дагы окуңуз:«Сөз эркиндиги каныбызда бар». Болот Темиров өзүнө карата кылмыш иштери тууралуу