Садыр Жапаров маммограф жабдыгын оңдотууга каражат берет

Президент Садыр Жапаров «Помогать легко» фондунун негиздөөчүсү Динара Аляеванын маммограф жабдыгын оңдоотууга жардам берүү боюнча суранычына көңүл бурду. Бул тууралуу Аляева Фейсбук барагында билдирди.

Фонддун башчысы билдиргендей, президенттин өкүлдөрү телефон чалып, керектүү сумманы бөлүп, маммографты оңдотуп берерин айтышкан.

«Рахмат! Сиздин атыңыздан телефон чалышты, маммографты оңдотобуз!» — деп жазды Аляева.

Аппаратты оңдоого 6 миң доллар талап кылынууда.

Эмчек рагын изилдөөчү маммограф

«Помогать легко» фондунун жетекчиси Динара Аляева 26-апрелде президент Садыр Жапаровдон эмчек рагын аныктаган маммографты оңдотууга демөөрчү таап берүүгө жардам сурады. Аляева бул боюнча Фейсбук барагында кайрылган.

«Бизде инвесторлор көп болуп, бирок оорулуулар үчүн акча жок болуп жатса, Кыргызстанда аялдардын ден соолугуна салым кошо турган инвесторду таап берүүнү суранам. Биз маммографтын ремонтун төлөп бере турган демөөрчүлөрдү таба албадык», — деп жазган ал.

Сөз «Эргэнэ» коомдук фондуна гуманитардык жардам катары берилген маммограф жөнүндө болуп жатат. Аялева белгилегендей, Таласта облусунда аялдар дарты залалдуу шишикке айланып баратканын дал ушул аппарат аркылуу билишкен.

Аляева маммограф эмчек рагын эрте стадиясында аныктоого жардам берет, ал эми аппараттын көчмө трейлери диагностиканы өлкөнүн булуң-бурчтарында жүргүзүүгө жардам берерин кошумчалаган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эмчек рагына чалдыккан үч миңден ашык аял каттоодо турат, жылына 400гө жакын жаңы учур аныкталат. Улуттук онкология борборунун маалыматында, 2020-жылы 626 аялга «эмчек рагы» диагнозу коюлган.