«Жарандарды соттун уруксаты жок тыңшоо». Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары 27-апрелде «Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү» мыйзам долбоорун экинчи окуда кабыл алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоору биринчи окуудан 2-мартта өткөн. Документти министрлер кабинети демилгелеген.

Долбоордо УКМК соттун уруксаты жок эле жарандарды тыңшап, аңдып жана соцтүйүндөрдөгү жазышууларын ачыктоого укук алат деген ченеми бар.

Парламентте бул документ февраль айында эле талкууланган. Анда оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров мыйзамдын долбоорун атайын кызматка соттун чечими жок эле жарандарды тыңшап, ошондой эле социалдык түйүндөрдөгү каттарын көрүүгө укук берген ченеми үчүн сынга алган.

Мындан тышкары парламент экинчи окууда «Контрчалгындоо иши жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул документте УКМКнын кызматкерлери контрчалгындоо ишмердигин бир гана соттук актынын негизинде аткара алат деп айтылат.

Бирок «Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү» мыйзам долбоорунда мындай пункт жок.

Тема боюнча: «Жарандарды санкциясы жок тыңшоо». Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды