«Жарандарды санкциясы жок тыңшоо». Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары 2-март күнү биринчи окууда улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алышты.

Долбоордун УКМК соттун уруксаты жок эле жарандарды тыңшап, аңдып жана соцтүйүндөрдөгү жазышууларын ачыктоого укук алат деген ченеми жарандык коомдун тынчсыздануусун жаратты.

УКМКнын ыйгарым укуктарын кеңейте турган мыйзам долбоорун 7-февралда «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаров парламент жыйынында көтөргөн. Анда ал документте УКМКга соттун чечими жок эле жарандарды тыңшап, ошондой эле социалдык түйүндөрдөгү каттарын көрүүгө укук берген ченемдерди сындаган.

Мадумаров мыйзам долбоорунун концепциясын гана кабыл алууга макул болду, бирок документ жарандык коомдун катышуусундагы тегерек столдо талкууланышы керек деген шарт койгон.

Жыйынтыгында парламент комитети УКМКнын мыйзам долбоорунун концепциясын кабыл алды.

«Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү» мыйзам долбоору 2018-жылдан бери бар. Бул документтин колдонуудагы редакциясы ачык булактарда жок, бирок Юстиция министрлигинин сайтына долбоордун биринчи варианты жайгаштырылган.

Тема боюнча окуңуз:  Активисттер менен саясатчыларды тыңшоо. Камчыбек Ташиев комментарий берүүдөн баш тартты

Балбак Түлөбаев: Парламент депутаттарынын бирден жардамчысы жана ассистенти болот