ИИМдин башчысы баалардын өсүшү боюнча «жалган маалымат» тараткандарды жоопко тартууну тапшырды

Ички иштер министри Улан Ниязбеков азык-түлүк жана биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын баасы кымбаттап жатканы тууралуу «жалган маалымат» тараткандарды жоопкерчиликке тартуу керек деп билдирди.

ИММдин башчысынын айтымында, мындай чара «экономикалык деңгээлди туруктуу кармоо үчүн» керек. Ал ар бир жетекчиге бул маселени көзөмөлгө алууну тапшырды.

«Азыркы учурда, кабатыр болууга эч кандай негиз жок экендиги, өлкөбүз экономикалык кырдаалдын бардык сыноосуна даяр экени, кампаларда жана тиешелүү каражаттарды сактоочу жайларда азык-түлүк, тамак-аш, ошону менен бирге дыйканчылык продукциялары жетиштүү деңгээлде экени боюнча эл арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн», — деди ИИМдин башчысы.

Ниязбеков бийик бааларды жасалма түрдө жогорулатууга жана азык-түлүк, айыл-чарба продукцияларынын чек арадан чыгарып кетүүгө тыюу салышы керек экенин белгиледи.

Мындан тышкары ал аткезчиликти тыюу жана экономикалык абалдан пайдаланып айрым адамдардын мыйзамсыз баюусуна жол бербөө үчүн чара көрүүнү тапшырды.

Азык-түлүктүн кымбатташы

Орусиянын Украинага кол салуусу Кыргызстандын экономикасы үчүн оор сокку болду.

Орусияга карата салынган ири санкциялардын шартында рублдун курсу төмөндөп, анын артынан сомдун да куну түшүп, өлкөдө азык-түлүк кымбаттады. Кийинчерээк доллардын курсу мурдагы көрсөткүчүнө кайткан, бирок азык-түлүктүн баасы жогору бойдон калды.

Балаардын өсүшүнө Орусиянын ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого чектөө киргизгени да таасир эткен. Орус бийлиги мындай чечимди өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокту коргоо максатында кабыл алган. Чектөө 2022-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болот.

Ушундан кийин кыргызстандыктарда бул азыктардын таңкыстыгы жаралат деген чочулоо пайда болгон, анткени Кыргызстан алардын көбүн Орусиядан импорттойт. Ал эми 12-мартта айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Орусиянын ЕАЭБ өлкөлөрүнө буудай жана кумшекер экспортоого тыюу салганы Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратпасын билдирген.

Биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын жасалма таңкыстыгына жол бербөө максатында Бишкектин «Глобус» жана «Фрунзе» ири гипермаркеттери азык-түлүк өнүмдөрүн сатууга чектөөлөрдү киргизишкен. Монополияга каршы мамлекеттик кызматы менен түзүлгөн келишимге ылайык, соода түйүндөрү кумшекерди бир кишиге 67 сомдон бир килограммдан гана сатышат. Ал эми андан өйдө коммерциялык баада сатышат.

Баалар өсүп жаткан шартта президент Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 1000 тонна кумшекерди жана 500 миң литр өсүмдүк майын таратуу тапшырмасын берген. Алар арзандатылган баада сатыла турган болгон.

Монополияга каршы кызмат Бишкекте соодагерлердин арасында социалдык маанилүү продуктулардын баасын «негизсиз» көтөрүп салууга жол бербөө үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Тема боюнча: ӨКМ: Резервдер фондунан 1000 тонна кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы сатыкка чыкты