Мамантимонополия: Кумшекердин баасы 60 сомго түштү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ири соода түйүндөрүндө кумшекердин баасын түшүргөнүн билдирди.

Алсак, «Фрунзе» гиперматтеринде кумшекердин баасы бир киллограммы үчүн 60 сомго түштү (сатуу чектелген). Бир килограммдан өйдө кумшекер 77 сомдон сатылат. Ал эми «Народный», «Глобус» жана «Достор» дүкөндөрүндө баа бүгүнкү күндөн баштап арзандайт.

Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кумшекер өндүрүүчү «Кайыңды Кант» фирмасына доллардын курсу түшүп, кумшекердин кошумча нарк салыгынын ставкасы нөлдүк ченге түшүрүлгөндүгүнө байланыштуу продукциянын дүң баасын түшүрүү тууралуу билдирме берилди деп ишендирди.

«Орточо алганда, республика боюнча базарларда жана башка соода түйүндөрүндө да чекене баанын төмөндөө тенденциясы байкалууда», — деп белгилешти мамлекеттик органдан.

Буга чейин минкаб 1-апрелден тарта Кыргызстанда өлкөгө импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленгенин кабарлаган. Минкабдан кошумчалашкандай, мындай чара жылдын аягына чейин бекитилген.

Президенттин тапшырмасы

15-мартта президент Садыр Жапаров Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 1000 тонна кумшекер жана 500 тонна өсүмдүк майын таратуу тапшырмасын бергени маалым болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кумшекердин бир килограммы 70 сомдон, ал эми өсүмдүк майынын бир литри 130 сомдон сатыларын айткан.

Баалардын жогорулашы

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы Украинадагы согуштун, Орусияга каршы эл аралык санкциялардын жана доллардын куну өскөн шартта кымбаттай баштаган.

Мындан тышкары, азык-түлүктүн баасына Орусия дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого тыюу салганы да таасир эткен. Мындай чечимди орус бийлиги өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокту коргоо максатында кабыл алган. Чектөө 2022-жылдын жай мезгилинин аягына чейин киргизилген.

Биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын жасалма таңкыстыгына жол бербөө максатында Бишкектин «Глобус» жана «Фрунзе» ири гипермаркеттери азык-түлүк өнүмдөрүн сатууга чектөөлөрдү киргизишкен.

Монополияга каршы мамлекеттик кызматы менен түзүлгөн келишимге ылайык, соода түйүндөрү кумшекерди бир кишиге 67 сомдон бир килограммдан гана сатышат. Ал эми андан өйдө коммерциялык баада сатышат.